https://sputnik.kg/20250328/rossiya-perm-krejserin-ishke-kirgizdi-1092940224.html
Россия суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизди. Видео
Россия суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизди. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизүүгө уруксат берди. Бул тууралуу РИА... 28.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-28T09:52+0600
2025-03-28T09:52+0600
2025-03-28T10:53+0600
россия
дүйнөдө
кеме
ракета
владимир путин
согуш
крейсер
өзөктүк курал
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092940372_0:161:3070:1888_1920x0_80_0_0_700c03795dc53b4e2f6a3f949facf537.jpg
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизүүгө уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматта анын канаттуу гиперүндүү "Циркон" ракетасын алып жүргөн алгачкы кеме болору айтылат.Путин Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы менен жолугуп жатып, "Циркондун" кубаттуулугун белгилеген.Өлкө башчы Россия сууда жана суу алдында жүрүүчү жаңы кемелерди курууну улантарына токтолгон. Президенттин айтымында, алар бүгүнкү күндүн талабына жооп берип, согушка жөндөмдүү, майнаптуу болуп, ондогон жылдар аралыгында мамлекетке кызмат кылышы керек.Суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсери — төртүнчү муундагы көп буталуу суу алдында жүргөн өзөктүк кайык. Бул "Севмаш" өнөр жай бирикмеси куруп жаткан 885/885М долбоорлорунун "Ясень" тутумундагы алтынчы кеме болуп саналат.
https://sputnik.kg/20250327/sovettik-atomduk-kemelerdin-iygiliktuu-sapary-1092920105.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092940372_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_506e2c5a81895b7102fddb21ea20b8a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, дүйнөдө, кеме, ракета, владимир путин, согуш, крейсер, өзөктүк курал, видео
россия, дүйнөдө, кеме, ракета, владимир путин, согуш, крейсер, өзөктүк курал, видео
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизүүгө уруксат берди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Маалыматта анын канаттуу гиперүндүү "Циркон" ракетасын алып жүргөн алгачкы кеме болору айтылат.
Путин Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы менен жолугуп жатып,
"Циркондун" кубаттуулугун белгилеген.
"Бул куралдын ылдамдыгын жана бутага таамай тийген тактыгын эске алганда аны стратегиялык тапшырма аткарган системалардын катарына кошууга болот", — деди Путин.
Өлкө башчы Россия сууда жана суу алдында жүрүүчү жаңы кемелерди курууну улантарына токтолгон. Президенттин айтымында, алар бүгүнкү күндүн талабына жооп берип, согушка жөндөмдүү, майнаптуу болуп, ондогон жылдар аралыгында мамлекетке кызмат кылышы керек.
Суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсери — төртүнчү муундагы көп буталуу суу алдында жүргөн өзөктүк кайык. Бул "Севмаш" өнөр жай бирикмеси куруп жаткан 885/885М долбоорлорунун "Ясень" тутумундагы алтынчы кеме болуп саналат.