https://sputnik.kg/20250401/ukmk-kylmysh-geroin-ukt-1093046055.html
Өлгүчө героин сайышкан. УКМК он жыл мурдагы кылмыштын бетин ачты
Өлгүчө героин сайышкан. УКМК он жыл мурдагы кылмыштын бетин ачты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Женго каймана атын алып жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновдун буйругу менен жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүлгөн кылмыштын бети... 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-01T16:07+0600
2025-04-01T16:07+0600
2025-04-01T17:13+0600
кыргызстан
укмк
кылмыш
героин
видео
кадыр досонов
женго
камчы көлбаев
https://sputnik.kg/img/103331/59/1033315911_0:29:6017:3413_1920x0_80_0_0_12cc064a276e163fbf2d31ad42e1289f.jpg
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Женго каймана атын алып жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновдун буйругу менен жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2015-жылы А.З.А. аттуу жарандын Ош шаарынын тергөө абагында өлгөнү боюнча иш козголгон.Топтун башка мүчөлөрү күч колдонуп, маркумдун тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө героин сайганы айтылды. Учурунда маркум баңгизатты ашыкча колдонуудан өлгөн делип жүргөн. Эми ишке тиешеси барларды аныктоо аракеттери көрүлүп жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250401/telefon-kylmysh-yustitsiya-ministrligi-1093043161.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103331/59/1033315911_241:0:5596:4016_1920x0_80_0_0_8d067b0c5fae2e07696bf2d533fb4b2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, кылмыш, героин, видео, кадыр досонов, женго, камчы көлбаев
кыргызстан, укмк, кылмыш, героин, видео, кадыр досонов, женго, камчы көлбаев
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Женго каймана атын алып жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновдун буйругу менен жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы А.З.А. аттуу жарандын Ош шаарынын тергөө абагында өлгөнү боюнча иш козголгон.
"Тергөөдө кримтөбөл Кадыр Досонов маркумду өлтүрүүгө буйрук бергени аныкталды. Экөө душмандашып жүргөн. Маркум Досонов кылмыштуу топтун ортодогу акчасынан кымырып жүргөнүн билип калган. Досонов бул маалымат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (маркум да бул топто болгон) мүчөлөрүнө жетип калуусун жашыруу үчүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген", — деп жазылган кабарда.
Топтун башка мүчөлөрү күч колдонуп, маркумдун тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө героин сайганы айтылды. Учурунда маркум баңгизатты ашыкча колдонуудан өлгөн делип жүргөн. Эми ишке тиешеси барларды аныктоо аракеттери көрүлүп жатканы кошумчаланды.