https://sputnik.kg/20250401/telefon-kylmysh-yustitsiya-ministrligi-1093043161.html
5 жылга чейин. Түрмөгө телефон киргизгендерди кылмыш жообуна тартуу сунушталды
5 жылга чейин. Түрмөгө телефон киргизгендерди кылмыш жообуна тартуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түрмөгө телефон киргизгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилгени Юстиция министрлиги сунуштап... 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-01T14:59+0600
2025-04-01T14:59+0600
2025-04-01T14:59+0600
кыргызстан
түрмө
телефон
кылмыш
юстиция министрлиги
https://sputnik.kg/img/101634/57/1016345730_0:156:3001:1844_1920x0_80_0_0_a2657b518734cfeee1c5aa2d9d8f0ad2.jpg
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түрмөгө телефон киргизгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилгени Юстиция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.Мекемеге тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы кыска мөөнөттүү жолугушууга келгендер аркылуу киргизилет. Маселен, 2022-2024-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго киргизүүгө аракет жасалган 7 миң 268 телефон, 1,4 миллион сом жана 564 миң литр спирт ичимдиктери алынган. Мындан улам мекеме бул багытта жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, камактагыларга тыюу салынган буюм, азык-түлүк өткөрүү жана ошого аракет кылуу үчүн 19 миң сом (мурда 17 миң 500 болчу) айып салуу сунушталууда. Ал эми телефон киргизүүнү өзүнчө карап, ал үчүн 20 миң сом айып сунушталып жатат.Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизүү сунушталган. Ага ылайык, мурда телефон жана анын тетиктерин киргизүү үчүн айыпка жыгылгандар жосунун кайра кайталай турган болсо жоопко тартылат. Тактап айтканда, 50-100 миң сом айып тартат же эки жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
https://sputnik.kg/20250401/kyrgyzstan-karakol-toktom-1093031125.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101634/57/1016345730_166:0:2833:2000_1920x0_80_0_0_b4bc8d2c1ac27aa2c2a3c64f596bdb35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түрмө, телефон, кылмыш, юстиция министрлиги
кыргызстан, түрмө, телефон, кылмыш, юстиция министрлиги
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түрмөгө телефон киргизгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилгени Юстиция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
Мекемеге тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы кыска мөөнөттүү жолугушууга келгендер аркылуу киргизилет. Маселен, 2022-2024-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго киргизүүгө аракет жасалган 7 миң 268 телефон, 1,4 миллион сом жана 564 миң литр спирт ичимдиктери алынган. Мындан улам мекеме бул багытта жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, камактагыларга тыюу салынган буюм, азык-түлүк өткөрүү жана ошого аракет кылуу үчүн 19 миң сом (мурда 17 миң 500 болчу) айып салуу сунушталууда. Ал эми телефон киргизүүнү өзүнчө карап, ал үчүн 20 миң сом айып сунушталып жатат.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизүү сунушталган. Ага ылайык, мурда телефон жана анын тетиктерин киргизүү үчүн айыпка жыгылгандар жосунун кайра кайталай турган болсо жоопко тартылат. Тактап айтканда, 50-100 миң сом айып тартат же эки жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.