https://sputnik.kg/20250405/1093132748.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Ага ылайык... 05.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-05T15:00+0600
2025-04-05T15:00+0600
2025-04-05T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/05/1093132616_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6db45c153e4641421d8627ce04114ac5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Ага ылайык, окутуу баштапкы мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан ары кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч тилдүү окутуунун киргизүү — өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектиги айтылган. "Кыргыз тили улуттук аң-сезимди, жарандык өзүнчөлүктү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоодо негизги фактор катары колдоо табууда. Ал эми расмий статусу бар орус тили өлкөдөгү көп улуттуу жарандардын ортосунда байланыш тили катары маанилүү ролду ойнойт. Англис тили — глобалдашкан дүйнөдө илим-билимдин, бизнес жана технологиянын тили болуп саналат", — деп айтылат негиздемеде. Демилгечи белгилегендей, өлкөдө билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан үч тилде окутууну киргизүүгө бардык негиздер бар.
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов жыл ичинде беш жаңы кенди ачуу мерчемделип, учурда даярдыктар жүрүп жатканын айтты. Өкмөт тарабынан калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилген. Анын алкагында быйыл беш жаңы кен ачууга даярдык көрүп жатат.Анын айтымында, былтыр республиканын түштүк аймагында жайгашкан Загара-2 жана Урмизан-3 кендери иштетүүгө киргизилген. "Эң чоң кендердин бири Сүлүктү талаа-11 Баткенде жайгашкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, ал жерде көмүрдүн 100 миллион тоннага жакын запасы бар. Ош облусунда Кожо-Келең жана Беш-Буркан, ал эми Жалал-Абадда Маркай менен Теген кендери жайгашкан. Учурда жаңы техникалык долбоорлор түзүлүп, коопсуздугу изилденип жатат", — деди Маматов.
Бишкектеги №67 мектептин биринчи кабаты менчиктештирилип кеткени боюнча Свердлов райондук прокуратурасы текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, имаратта "Нова" окуу борбору жайгашкан. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектин чок ортосундагы №67 мектептин биринчи кабаты 49 жылга ижарага берилгенин айтып, түйшөлүүсүн билдирген. "Аталган мектепте норма боюнча 1300 балага ылайыкталган, бирок учурда 3000 бала окуйт. Кабинеттер жетишпей жаткан учурда мектептин бүтүндөй биринчи кабатын 49 жылга жеке тарапка ижарага берилген. Мындай шартта балдарыбыздын билим сапаты кандай болот", — деп суроо салган эл өкүлү.
ЕАЭБ Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы алаканы өнүктүрүү үчүн платформа боло алат. Бул тууралуу ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Европалык бизнес-ассоциациянын конференциясында билдирди. Иш-чарага ишкерлер, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышып, Арзуманян Борбор Азиянын Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердеги ролуна токтолду. Ал Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө, ал эми Өзбекстан байкоочу макамга ээ экенин эске салды. Ал Борбор Азия мамлекеттери ресурстарга бай экенин, акыркы жылдары аймакта өнөр жай тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Айтымында, бул ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратса, экинчи жагынан, Европадан инвестиция тартууга жол ачат.
Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Ага ылайык, окутуу баштапкы мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан ары кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч тилдүү окутуунун киргизүү — өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектиги айтылган. "Кыргыз тили улуттук аң-сезимди, жарандык өзүнчөлүктү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоодо негизги фактор катары колдоо табууда. Ал эми расмий статусу бар орус тили өлкөдөгү көп улуттуу жарандардын ортосунда байланыш тили катары маанилүү ролду ойнойт. Англис тили — глобалдашкан дүйнөдө илим-билимдин, бизнес жана технологиянын тили болуп саналат", — деп айтылат негиздемеде. Демилгечи белгилегендей, өлкөдө билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан үч тилде окутууну киргизүүгө бардык негиздер бар. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов жыл ичинде беш жаңы кенди ачуу мерчемделип, учурда даярдыктар жүрүп жатканын айтты. Өкмөт тарабынан калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилген. Анын алкагында быйыл беш жаңы кен ачууга даярдык көрүп жатат.Анын айтымында, былтыр республиканын түштүк аймагында жайгашкан Загара-2 жана Урмизан-3 кендери иштетүүгө киргизилген. "Эң чоң кендердин бири Сүлүктү талаа-11 Баткенде жайгашкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, ал жерде көмүрдүн 100 миллион тоннага жакын запасы бар. Ош облусунда Кожо-Келең жана Беш-Буркан, ал эми Жалал-Абадда Маркай менен Теген кендери жайгашкан. Учурда жаңы техникалык долбоорлор түзүлүп, коопсуздугу изилденип жатат", — деди Маматов. Бишкектеги №67 мектептин биринчи кабаты менчиктештирилип кеткени боюнча Свердлов райондук прокуратурасы текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, имаратта "Нова" окуу борбору жайгашкан. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектин чок ортосундагы №67 мектептин биринчи кабаты 49 жылга ижарага берилгенин айтып, түйшөлүүсүн билдирген. "Аталган мектепте норма боюнча 1300 балага ылайыкталган, бирок учурда 3000 бала окуйт. Кабинеттер жетишпей жаткан учурда мектептин бүтүндөй биринчи кабатын 49 жылга жеке тарапка ижарага берилген. Мындай шартта балдарыбыздын билим сапаты кандай болот", — деп суроо салган эл өкүлү.ЕАЭБ Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы алаканы өнүктүрүү үчүн платформа боло алат. Бул тууралуу ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Европалык бизнес-ассоциациянын конференциясында билдирди. Иш-чарага ишкерлер, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышып, Арзуманян Борбор Азиянын Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердеги ролуна токтолду. Ал Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө, ал эми Өзбекстан байкоочу макамга ээ экенин эске салды. Ал Борбор Азия мамлекеттери ресурстарга бай экенин, акыркы жылдары аймакта өнөр жай тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Айтымында, бул ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратса, экинчи жагынан, Европадан инвестиция тартууга жол ачат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/05/1093132616_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c9ad612b44f499e867a08f2362649c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио