https://sputnik.kg/20250408/1093185129.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык... 08.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-08T15:00+0600
2025-04-08T15:00+0600
2025-04-08T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093184997_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bc447f2c524f59c9fb16bb33d5d80ffa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 1-майга чейин уланат. Салык декларациясын тапшырууга милдеттүүлөр: жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар; чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КР жараны; киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъектиден салык салынуучу киреше алган жеке жактар. Аталган өнөктүктүн биринчи этабы 1-апрелде аяктаган. Анда ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.
Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге картошканын аянтын былтыркы 66,4 миң гектардан ашырбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы жөнөткөн маалыматта айтылган. Маалыматка ылайык, өткөн жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө муктаждык жогору болгондуктан картошканын баасы 45-60 сомго чыккан. Демек, алар картошканын аянтын көбөйтүшү мүмкүн. "Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону дыйкан-фермелерге сунуштайбыз. Анткени дыйкандар баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап алса картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетиши мүмкүн", — деген министрлик.
Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кочкордун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда."Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат", — деп жазылган маалыматта. Бул ири инфраструктуралык долбоор өлкөнүн экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатып, региондордун өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан, эски унаалардан жана чаңдан пайда болот. "Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев.Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 1-майга чейин уланат. Салык декларациясын тапшырууга милдеттүүлөр: жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар; чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КР жараны; киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъектиден салык салынуучу киреше алган жеке жактар. Аталган өнөктүктүн биринчи этабы 1-апрелде аяктаган. Анда ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге картошканын аянтын былтыркы 66,4 миң гектардан ашырбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы жөнөткөн маалыматта айтылган. Маалыматка ылайык, өткөн жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө муктаждык жогору болгондуктан картошканын баасы 45-60 сомго чыккан. Демек, алар картошканын аянтын көбөйтүшү мүмкүн. "Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону дыйкан-фермелерге сунуштайбыз. Анткени дыйкандар баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап алса картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетиши мүмкүн", — деген министрлик.Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кочкордун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда."Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат", — деп жазылган маалыматта. Бул ири инфраструктуралык долбоор өлкөнүн экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатып, региондордун өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан, эски унаалардан жана чаңдан пайда болот. "Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев.Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093184997_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9552a43ef6f628dd21b1168765eb3ee1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио