https://sputnik.kg/20250416/1093372119.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз... 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-16T17:00+0600
2025-04-16T17:00+0600
2025-04-16T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093371987_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a577012091a94b949a7a983746f876de.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна жана 58-пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сөз сүйлөйт. Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактыяр Калпаев жана Карим Ханджеза бар.
Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук ЕАЭБ менен Евробиримдиктин экономикасындагы өсүштөрдү, андан сырткары, өз ара эсептешүүдө доллар, евронун азайганын, Евразия биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук валютасы аркылуу эсептешүүдөгү оң көрсөткүчтөрү туурасында айтып берди. Сандарга кайрылсак, 2024-жылы ЕАЭБдегилердин ИДПсы 4,6 пайызга жогорулап, ал эми ЕБде болгону 0,8 пайыздык өсүү болгон. Россия менен Грузиянын сакталып калган соода мамилеси 9,4 пайыз өсүштү көрсөтсө, ал эми Евробиримдикке баш койгон Молдовада 0,1 пайыз болгон.Вице-премьердин айтымында, доллар, евронун аталган рыноктогу "жүрүшү" мурдагыдан алда канча азайган. Россиянын ЕАЭБ өлкөлөрү менен улуттук валютадагы эсептешүүлөрү 93 пайызды түзгөн. Алака активдүү болгон Кытай — 95, Индия 90 пайызды камсыздаган.Вице-премьер былтыр россиялык эл аралык соодада улуттук акча менен соода жүргүзүүнүн үлүшү 79,8 пайызга чыкканын, 2020-жылы 25 пайыз болгонун кошумчалады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Мекемеден билдиришкендей, кеңештин жүрүшүндө сугат суусу менен камсыздоо, суу тарифи жана учурдагы көйгөлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Онлайн кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышып, министр тарабынан бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы айдап-себүү кампаниясын өз убагында бүтүрүү, сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугарууну киргизүү, гидротехникалык курулмаларды, ички чарбалык каналдарды оңдоп-түзөө боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү милдеттери коюлду. Мындан тышкары, жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майлар, сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, биологиялык жана химиялык дары-дармектер жана айыл чарба техникаларынын керектүү тетиктери менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.
Эртең Чүй, Таластын тоолуу аймактарында жана Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, нөлдөн төмөнкү температура 17-апрелде түнкүсүн жана күн чыкканга чейин кармалат. "Мындай үшүк гүлдөгөн, бүчүр ачкан жемиш бактары үчүн кооптуу", — деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кыргызгидромет аталган аймактарда 17-апрелде гана жаан-чачын болбой турганын билдирген.
Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна жана 58-пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сөз сүйлөйт. Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактыяр Калпаев жана Карим Ханджеза бар. Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук ЕАЭБ менен Евробиримдиктин экономикасындагы өсүштөрдү, андан сырткары, өз ара эсептешүүдө доллар, евронун азайганын, Евразия биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук валютасы аркылуу эсептешүүдөгү оң көрсөткүчтөрү туурасында айтып берди. Сандарга кайрылсак, 2024-жылы ЕАЭБдегилердин ИДПсы 4,6 пайызга жогорулап, ал эми ЕБде болгону 0,8 пайыздык өсүү болгон. Россия менен Грузиянын сакталып калган соода мамилеси 9,4 пайыз өсүштү көрсөтсө, ал эми Евробиримдикке баш койгон Молдовада 0,1 пайыз болгон.Вице-премьердин айтымында, доллар, евронун аталган рыноктогу "жүрүшү" мурдагыдан алда канча азайган. Россиянын ЕАЭБ өлкөлөрү менен улуттук валютадагы эсептешүүлөрү 93 пайызды түзгөн. Алака активдүү болгон Кытай — 95, Индия 90 пайызды камсыздаган.Вице-премьер былтыр россиялык эл аралык соодада улуттук акча менен соода жүргүзүүнүн үлүшү 79,8 пайызга чыкканын, 2020-жылы 25 пайыз болгонун кошумчалады.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Мекемеден билдиришкендей, кеңештин жүрүшүндө сугат суусу менен камсыздоо, суу тарифи жана учурдагы көйгөлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Онлайн кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышып, министр тарабынан бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы айдап-себүү кампаниясын өз убагында бүтүрүү, сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугарууну киргизүү, гидротехникалык курулмаларды, ички чарбалык каналдарды оңдоп-түзөө боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү милдеттери коюлду. Мындан тышкары, жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майлар, сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, биологиялык жана химиялык дары-дармектер жана айыл чарба техникаларынын керектүү тетиктери менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.Эртең Чүй, Таластын тоолуу аймактарында жана Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, нөлдөн төмөнкү температура 17-апрелде түнкүсүн жана күн чыкканга чейин кармалат. "Мындай үшүк гүлдөгөн, бүчүр ачкан жемиш бактары үчүн кооптуу", — деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кыргызгидромет аталган аймактарда 17-апрелде гана жаан-чачын болбой турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093371987_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b6c72e94c8233eac52b24a1676041a8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио