21-мартта Интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүп жатат деген видеосу тараган. Видеодо алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан.
Бирок оппозициянын өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен.
Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 295-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.