Бишкекте 16-апрель күнү саат 18.00дөр чамасында Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган Mercedes Benz Sprinter менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, капталына кулаган маршруттук такси бир бир топко чейин сүрүлүп барган. Мындан 7 адам жаракат алып, анын бири өспүрүм бала болгон.