Милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнаковага 30 миң сом айып пул салынды. Соттук отурум 13-март күнү болуп, өкүм Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ырчы мындай чечимдин үстүнөн аппеляциялык арыз менен облустук сотко кайрыларын билдирди.