БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө унаа адамды сүзүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына милициядан билдиришти.
Кырсык саат 22.00дө Балыкчы — Каракол трассасындагы Фрунзе менен Кутургу айылдарынын ортосунда болгон.
"Белгисиз адам жолдо жаткан адамды унаасы менен тебелеп, окуя болгон жерден качып кеткен. Эркек киши ошол жерден жан берген. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан. Каза болгон адам 39 жашта. Ал Фрунзе айылынын тургуну. Учурда облуста "Перехват" планы жарыяланды", — деп милициядан билдиришти.
Кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.