"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы үстүбүздөгү жылдын 12-15-декабрына белгиленген. Ага жалпысынан 26 тасма катышып, 12си улуттук, ал эми 14ү эл аралык сынакта ат салышат. Калыстар тобуна россиялык режиссер Дарежан Омирбаев төрагалык кылат. Фестиваль Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Айтыш" коомдук фондусу, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтөт.