Президент Алмазбек Атамбаев 5-6-сентябрь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен болот. Анда өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири форматта жолугушуп, соода-экономикалык кызматташуулар жана чек ара маселеси боюнча сүйлөшөт.