БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, май айында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргенден кийин Россия спирт ичимдиктерине болгон салыкты көтөрүүнү суранат. Бул тууралуу ал парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Россиянын рыногу үчүн өз товарын бизге алып келип сатканы жана алар үчүн салыктардын төмөн болгону пайдалуу. Ошентип, рынокто Казакстан менен Россия алдыга чыгат, бул көрүнүш биздин бюджетти толуктайт", — деди Бекешев.
Ал ошондой эле Кыргызстан жок дегенде беш жыл бою акциздерге болгон бааны көтөрбөй туруу үчүн өзүнүн позициясын сакташ керек деп эсептейт.
Бирок, Евразиялык экономикалык комиссиянын финансы саясаты департаментинин директору Бемби Хулхачиевдин айтымында, андай болбошу керек.
Sputnik сайтына берген маегинде ал, Евразиялык экономикалык комиссиянын иши Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында улуттук мыйзамдарды бири-бирине жакындатуу, товарларды ташылуусунда салыктык чектерди жана тоскоолдуктарды алууга багытталган.
"Ошол эле учурда Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү келишимдин 71-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мүчө-мамлекеттер салыкка карата багытты, мыйзамдардын шайкештигин жана формасын аныктайт", — дейт ал.
Адис бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын алдындагы салык саясаты жана башкаруу комитетинин жыйынында талкууланганын кошумчалады.
Ал ошондой эле, Евразиялык экономикалык комиссиясы 2020-жылга карата мамлекеттер ЕАЭБдин аймагында тамеки менен спирт ичимдиктерине акцизди бирдей кылууга келиши мүмкүндүгүн күтүп жатканын билдирди.