https://sputnik.kg/20151206/1020659838.html
Ирактын президенти түрк өкмөтүн өлкөдөн армиясын алып чыгып кетүүгө чакырды
Ирактын президенти түрк өкмөтүн өлкөдөн армиясын алып чыгып кетүүгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
Түрк аба күчтөрүнүн аракети эл аралык укуктарды, мыйзамдарды жана Ирактын суверенитетин бузуп жатканын Ирактын президенти Фуад Масум билдирди. 06.12.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-12-06T10:31+0600
2015-12-06T10:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102065/97/1020659784_0:0:3496:2399_1920x0_80_0_0_0b39e91c5c2e31a15292277a255262ba.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, коом, жаңылыктар
дүйнөдө, коом, жаңылыктар
Ирактын президенти түрк өкмөтүн өлкөдөн армиясын алып чыгып кетүүгө чакырды
10:31 06.12.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Түрк аба күчтөрүнүн аракети эл аралык укуктарды, мыйзамдарды жана Ирактын суверенитетин бузуп жатканын Ирактын президенти Фуад Масум билдирди.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ирактын президенти Фуад Масум түрк бийлигине эки өлкөнүн мамилеси солгундап кетпеши үчүн аскерин чыгарып кетүүгө чакырып, мындай катачылыкты экинчи жолу кайталабоону эскертти деп жазат РИА Новости маалымат агенттиги.
Ирак өкмөтүнүн маалыматы боюнча түрктөрдүн танк батальону жума күнү Ирактын Найнава провинциясына күрд элинин аскерлеринин отряды даярдалып жатат деген негиз менен кирген. Ирактын дипломатиялык ведомствосу түрк аскерлерин Ирактын аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылды. Алардын аймакта болуусу "душмандык аракет" болуп саналары айтылат.
Фуад Масум түрк аба күчөрүнүн аракетин эл аралык укуктарды, мыйзамдарды жана Ирактын суверенитетин бузуу деп атады.
"Биз Түркиянын бийлигин аскер күчтөрүн Ирактын аймагынан чыгарып кетүүгө чакырабыз. Мындай аракеттердин экинчи кайталанбашын эскертебиз", — деп айтылат Масумдун билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда ал Ирак өкмөтүнө жана министрликтерге мамлекеттин суверенитетин сактоого керектүү чараларды көрүп, Түркия менен достук мамилени сактоого чакырды.