БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи жуптар Россияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР Бий спорту боюнча федерациясы билдирди.
"Европа – Азия" кубогу деп аталган турнир Екатеринбург шаарында өткөн.
© Фото / персс-служба Федерации танцевального спорта КРРоссияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР бийчилери
![Турнир кубок Европа — Азия в Екатеринбурге Турнир кубок Европа — Азия в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103067/67/1030676700_0:0:1000:648_600x0_80_0_0_23194c755229b9a9368bee4507699591.jpg)
Россияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР бийчилери
© Фото / персс-служба Федерации танцевального спорта КР
D классына чейинки "Юниоры-1" Латина" категориясында Алишер Сейдалиев менен Айбийке Нурланова 38 жуптун ичинен мыкты аталып, алтын байге алышты.
Ошондой эле "RS чоңдор" + "Жаштар", "Латина", "Ачык класс" категорияларында Фарух Мамаджанов менен Надежда Бурау 53 жуптун ичинен экинчи болгон.
Ал эми "Балдар-2, Латина, Е класс" категориясында Дмитрий Блинков менен Асал Мамбетова күмүш байгеге татыды.
Бул мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Сербия, Италия, Румыния жана Россиядан 1991 жуп катышкан.