00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Чолпон-Атада 9 жана 5 кабаттуу ипотекалык үйлөр курулатЭски ID карттарды жаңысына бекер алмаштыруу акциясы башталдыНоокаттагы селден 8гектарга жакын айдоо аянты жабыркаган алдыда кененирээкОш облусунун Ноокат районунда 28-30-июнь күндөрү сегиз чарба аралык канал сел-кыяндан жабыркаган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда табигый кырсык катталган жерде 25 кызматкер, 7 атайын техника ишке тартылып, жеринде кыйроого учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүп, сугат суу берүү иштери жүргүзүлүүдө. Селден улам айылдагы тургундардын үлүш жерлерине, бак-дарактарга, эгилген айыл чарба эгиндерине зыян келген. Бул райондо 7,47 гектар айдоо аянтын сел каптаган. Анын ичинен бир гектар буудай аянты, 3,36 гектар жүгөрү аянты, 25 сотых картошка себилген аянт, 2,86 гектар беде аянты жабыркаган. Келтирилген зыяндын суммасы 198 миң 430 сом деп эсептелди.
Селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун соцбаракчасындагы кайрылуусунда жазылган. Анын айтымында, мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат. "Мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Соцтармактар аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуусунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал", — деп жазылган кайрылууда. Ошондой эле ал адам күчү же техника менен кол кабыш кылуу ниети барлар Оштогу штабга кайрылса болорун кошумчалаган.
Бүгүн, 1-июлдан тарта 2004-жылы чыгарылган AN сериясындагы сары ID карталарды жаңы үлгүдөгү ID карталарга алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүк башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Өнөктүк 31-августка чейин болот, бул убакытта жарандар акысыз негизде паспортторун алмаштыра алат.Жаңы ID карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт.Министрлик 2004-жылдагы AN сериясындагы сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырыларын, 2017-жылы чыгарылган карталарды алмаштыруунун кереги жок экенин билдирди. Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруу үчүн жумушчу күндүн биринчи жарымында 2000ден ашык адам кайрылды.
Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцбаракчасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, мурдагы аэропорттун ордуна 20 блоктон турган беш кабаттуу жана 56 блоктон турган тогуз кабаттуу үй курулат. Пландалып жаткан курулуштун параметрлери төмөнкүдөй: участоктун аянты: 35 гектар; үйлөрдүн саны: 76 блок; батирлердин саны: 3 020; тургундардын саны: 5 850 адам. Инфраструктура: 412 унаа токтотуучу орун; 750 орундуу орто мектеп 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 200 орундуу үй-бүлөлүк медицина борбору 500 орундуу мечит ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 44 тыйынга 1 евро 92 сом 47 тыйынга 1 рубль 1 сомго Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 2-июль, шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас өрөөнүндө +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл, Нарын облустарында +28...+33 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Ата калаасында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0