00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылдан жылга баалуу кесипке айланган багбанчылык - Мөмө берген бактарды кантип отургузуп, кандай кам көрүү керек?
11:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Транспортная революция: какие стройки ждут Бишкек?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экологиялык бузууларга жоопкерчлик күчөтүлүп, мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирди?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Жизнь без боли: как восстановить суставы после травмы? Беседа с реабилитологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кандагы темирдин жетишсиздиги — анемияны алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Дизайнеры из КРСУ признаны лучшими в Центральной Азии
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Авитаминоз: Жазга карата витаминдерди кантип туура тандайбыз?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Правила начальника в офисе — закон, а увольняться можно только за месяц — беседа о Трудовом кодексе
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Апама болгон ашыктыгы атамды искусствого жетелеп келген. Улугбев Маратовдун эскерүүсү
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Преимущества и слабости Центральной Азии глазами экспертов «Валдая»
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кандагы темирдин жетишсиздиги — анемияны алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окумуштуулар: Тибеттеги жер менен мөңгүлөр абанын ысышынан улам көчкөн

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТибет тоолору. Архив
Тибет тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар спутниктен кар көчкү болгонго чейинки тартылган сүрөттөрдү изилдешкен. Анда узундугу 6 чакырым, туурасы 2,5 чакырым болуп бөлүнүп калган эбегейсиз чоң мөңгүнү байкашкан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Быйыл Тибетте июль айында ондогон адамдын өмүрүн алып кеткен жердин жана мөңгүлөрдүн көчүшү планетадагы абанын температурасынын жогорулоосунан улам болгон. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Glaciology басылмасына шилтеме жасап маалымдады. 

Огайо штаттынын белгилүү палеоклиматологу Лонни Томпсон жана анын кесиптештери Тибеттеги жер жана кар көчкүлөрүнүн тез-тезден болушунун себептерин айтып чыгышкан. Алар 17-июлда Тибеттин түштүк-чыгышындагы Ару кыштагынан алыс эмес аймакта болгон кар көчкү тууралуу малыматтарды изилдешкен.

"Кар көчкүнүн кандай көлөмдө жана өлчөмдө түшкөнүн эске алсак, бул жаратылыш кырсыгы мөңгүлөрдүн алды суу болгондо гана жаралмак. Бирок бүгүнкү күндө биз дагы кайсы башка мөңгүлөр ушундай абалда экендигин толук айта албайсыз. Мындан улам дагы кандай кар көчкүлөрдүн боло тургандыгын билбейбиз", — дейт Лонни Томпсон. 

Алар спутниктен кар көчкү болгонго чейинки тартылган сүрөттөрдү изилдешкен. Анда алар узундугу 6 чакырым туурасы 2,5 чакырым болуп бөлүнүп калган мөңгүнү байкашкан. Окуяны күбөлөрү чоң мөңгү 4-5 мүнөт ичинде эле тоодон күү менен келип, өрөөндү басып калгандыгын айтышкан. 

Антарктиданын мөңгүлөрүнүн биринен табылган узундугу 112 чакырымга жеткен ири жарака - Sputnik Кыргызстан
НАСА Антарктидада жүз километрлик жараканы тапты
Мындай окуянын тез болгондугу окумуштууларды таң калтырган. Анткени Арудагы мөңгү Азия чөлкөмүндөгү эң туруктуу мөңгүлөрдөн болуп эсептелип келген. Ошондой эле Гималайдагы мөңгүлөргө салыштырмалуу аянты дагы акырындык менен азайып келген.

Окумуштуулардын пикиринде мындай кар көчкүлөр жер бетиндеги аба температурасынын жогорулоосунан болууда. Анткени мөңгү алдына суу кирип тайгак болуп, чөң мөңгүлөр бөлүнүп тездик менен көчүүдө.

Себеби Тибет аймагында акыркы 50 жыл ичинде аба температырасы 1,5-2 градуска жогорулаган. Андан сырткары акыркы 5-6 жыл ичинде жайкы жаан-чачындар бир нече эсеге көбөйгөн.

Жыйынтыгында жаан-чачын менен жогорулаган аба температурасы мөңгүлөрдүн алдыңкы катмарынын эришине алып келген. Мындан улам палеоклиматолог Томпсон бул процессти алдын алуу мүмкүн эместигин белгилеп. окумуштуулар менен жергиликтүү бийликти мөңгүлөргө тынымсыз көз салып турууну сунуштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0