00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте алгачкы жолу кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуудаТрамп Украина тынчтык макулдашуусун түзүүнү дегдебей турганын айттыКыргызстанда фейк маалыматтарды тараткандарды дагы жазалоо каралуудаАлдыда кененирээкСоцтармак жана мессенджер аркылуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо каралууда. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. Документте бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар маалыматтын негизги булагы болуп калганы айтылат. Бийликтин пикиринде, фейк аккаунттар коомчулукта терс маанай жаратуу, кайсы бир окуяда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн ачылат. Укук бузуулар жөнүндө кодекске "Жалган маалыматтарды таратуу" беренесин кошуу сунушталууда. Кеп "коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуу үчүн" фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу болууда. Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу каралган. Милиция протоколдорду түзүп, сот ишти карамакчы.
2024-жылы “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 17,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га көп. Ведомстводон билдиришкендей, мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын эффективдүү башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди. «Кыргызалтын» ААКы учурда бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Мисалы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан. Компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын талдоосунун жана өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча, комбинат учурда технологияларды модернизациялоо жана кенди иштетүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен заводдун кирешеси 400 миллион сомдон ашыкты түзгөн.
Орто-Сай базарынын аймагына он унаага ылайыкталган биринчи жолу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Сыноо иштеринен кийин унаа токтотуучу жай иштей баштаары белгиленген.Буга чейин мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине караштуу Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жана базарлар ишканасы ПРД-10 жүк көтөрүүчү жана унаа токтотуучу жабдыктарды алып келүү боюнча «Могилевлифтмаш» ААК менен келишим түзгөн. Жетиштүү орундары бар аймактарда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар пландаштырылат. Ал эми бош орундары чектелген жерлерде ротациялык унаа токтотуучу системалар орнотулат. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын жай айларында базардын аймагындагы 252 унаа үчүн унаа токтотуучу жайдын курулушун бүтүрүү пландалууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина Американын жардамдын жаңылоо үчүн тынчтык келишимин түзүүгө азырынча жетиштүү деңгээлде даяр экенин көрсөтө электигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Алар минералдар боюнча келишимге кол коет деп ойлойм. Муну жасаса дейбиз, мен алардын тынчтыкка ыкташын каалайм, чынбы? Аны тиешелүү деңгээлде көрсөткөн жок. Азырынча көрсөтүп бере алышкан жок деп ойлойм, бирок алар муну жасашат жана анысы эки-үч күндө белгилүү болуп калса керек", — деген ал. Бейшемби күнү Ак үй согуштун эки тарабындагылар менен консультациялар уланып жатканын, ал эми кармашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жаңы жолугушуу бул аптада Сауд Арабиясында өтөрүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0