https://sputnik.kg/20250310/1092539049.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулатТрамп Украинын жок болушу туурасында пикирин айттыЖапаров курулуп жаткан үйлөр бүтсө кезекте турган... 10.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-10T11:00+0600
2025-03-10T11:00+0600
2025-03-10T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092538917_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f219634ccfa50e0fbcb216ea9b9baf4c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулатТрамп Украинын жок болушу туурасында пикирин айттыЖапаров курулуп жаткан үйлөр бүтсө кезекте турган миңдеген кишилер үйлүү болорун айттыАлдыда кененирээкКурулуп жаткан үйлөр бүтсө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезегинде тургандар миңдеп жылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, МИК боюнча батирдин чарчы метри Чүй, Бишкекте 650 доллардан, аймактарда 750 доллардан курлууда. Бул МИК 100 доллар кошуп бергенде дагы салыштырмалуу арзан болууда. Мындан тышкары, өлкө башчы МИКте кезек онлайн көзөмөлдөнөрүн, ал эми финансы санариптештирилгенин белгиледи. "Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеп кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет", — деген мамлекет башчы. Ошондой эле ал учурда МИКтин уставдык капиталы 1 миллиард долларга жетип, 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын кошумчалаган.
Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, муниципалитет "Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы" долбоорун кеңейтүүдө. "Шаардын транспорт системасын модернизациялоо долбоорунун концепциясы иштелип чыгууда. Демилгенин негизги максаты — борбор калаадагы эскирген жол чырактарды жаңылоо жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү", — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, мэрия жол чыракты автоматташтыруу боюнча россиялык "Информ тех транс" жана "Интегра" компаниялары менен кызматташып жатканын белгиледи.
Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы лидери болуп шайланып, өлкөнүн премьер-министри болду. Бул тууралуу партиянын жазганына таянып РИА Новости кабарлады. Жаңы өкмөт башчы дароо билдирүү жасап, Канада эч убакта АКШнын бир бөлүгү болуп калбай турганын айткан. Карни 2008-жылкы финансылык кризистен өлкө экономикасын сактап кала алган кесипкөй экономист болуп саналат. Бул эмгегинин аркасы менен Англия банкын жетектөөгө чакырылып, Улуу Британиянын банкын жетектеген биринчи чет элдик болуп калган. 2020-жылы климаттын өзгөрүшү жана финансыга байланышкан маселелер боюнча БУУнун атайын өкүлү болуп дайындалган эле. Трюдо администрациясынын миграция жана жогорку инфляция боюнча жүргүзгөн саясатынан улам премьер-министрликтен кетерин айткан. Саясатчы аталган кызматта 10 жыл иштеди.
АКШнын президенти Дональд Трамп "Украина жашап кете албай калышы мүмкүн" деген пикирин Fox News телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды. Ак үйдүн башчысынан Кошмо Штаттар жардамын токтотуп койгондон кийин Украинанын жок болуп кетүү ыктымалдыгы аны ойлондурбайбы деген суроо узатышкан. "Ал эмне болгон күндө да жок болот... Экинчиси, бул согуш чыкпашы керек эле, ошондуктан аны бүтүрүп жатабыз", — деп жооп берген Америка лидери. Өткөн аптада Вашингтон Киевге аскердик жардамды токтоткондон кийин союздаштарынан да америкалык чалгындоо маалыматтарын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салган эле. Бирок Трамп ал дээрлик жандангандыгын билдирди.
Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулатТрамп Украинын жок болушу туурасында пикирин айттыЖапаров курулуп жаткан үйлөр бүтсө кезекте турган миңдеген кишилер үйлүү болорун айттыАлдыда кененирээкКурулуп жаткан үйлөр бүтсө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезегинде тургандар миңдеп жылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, МИК боюнча батирдин чарчы метри Чүй, Бишкекте 650 доллардан, аймактарда 750 доллардан курлууда. Бул МИК 100 доллар кошуп бергенде дагы салыштырмалуу арзан болууда. Мындан тышкары, өлкө башчы МИКте кезек онлайн көзөмөлдөнөрүн, ал эми финансы санариптештирилгенин белгиледи. "Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеп кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет", — деген мамлекет башчы. Ошондой эле ал учурда МИКтин уставдык капиталы 1 миллиард долларга жетип, 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын кошумчалаган.Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, муниципалитет "Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы" долбоорун кеңейтүүдө. "Шаардын транспорт системасын модернизациялоо долбоорунун концепциясы иштелип чыгууда. Демилгенин негизги максаты — борбор калаадагы эскирген жол чырактарды жаңылоо жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү", — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, мэрия жол чыракты автоматташтыруу боюнча россиялык "Информ тех транс" жана "Интегра" компаниялары менен кызматташып жатканын белгиледи. Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы лидери болуп шайланып, өлкөнүн премьер-министри болду. Бул тууралуу партиянын жазганына таянып РИА Новости кабарлады. Жаңы өкмөт башчы дароо билдирүү жасап, Канада эч убакта АКШнын бир бөлүгү болуп калбай турганын айткан. Карни 2008-жылкы финансылык кризистен өлкө экономикасын сактап кала алган кесипкөй экономист болуп саналат. Бул эмгегинин аркасы менен Англия банкын жетектөөгө чакырылып, Улуу Британиянын банкын жетектеген биринчи чет элдик болуп калган. 2020-жылы климаттын өзгөрүшү жана финансыга байланышкан маселелер боюнча БУУнун атайын өкүлү болуп дайындалган эле. Трюдо администрациясынын миграция жана жогорку инфляция боюнча жүргүзгөн саясатынан улам премьер-министрликтен кетерин айткан. Саясатчы аталган кызматта 10 жыл иштеди.АКШнын президенти Дональд Трамп "Украина жашап кете албай калышы мүмкүн" деген пикирин Fox News телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды. Ак үйдүн башчысынан Кошмо Штаттар жардамын токтотуп койгондон кийин Украинанын жок болуп кетүү ыктымалдыгы аны ойлондурбайбы деген суроо узатышкан. "Ал эмне болгон күндө да жок болот... Экинчиси, бул согуш чыкпашы керек эле, ошондуктан аны бүтүрүп жатабыз", — деп жооп берген Америка лидери. Өткөн аптада Вашингтон Киевге аскердик жардамды токтоткондон кийин союздаштарынан да америкалык чалгындоо маалыматтарын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салган эле. Бирок Трамп ал дээрлик жандангандыгын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092538917_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c8008f004961e67b1fec6d806d30c79c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио