БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубу менен Тажикстандын вице-чемпиону "Хосилот" командасынын беттешин кытайлык калыстар тейлейт. Бул тууралуу "Дордой" клубунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган беттеш Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык бөлүгүнө чыгуу үчүн өткөрүлөт.
Жакында эле бишкектик команда Балаканабад шаарында түркмөндөрдүн "Балкан" командасын 2:1 эсебинде уткан.
Эки оюндун жалпы жыйынтыгында (биринчи оюн —1:1) "Дордой" командасы Азия турниринин финалдык бөлүгүнө катышууга мүмкүндүк алган. Эми бишкектик команда AFC кубогунун тайпалык этабына чыгуу үчүн Тажикстандын командасы менен беттешет.
AFC кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.