00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жеңил атлетика спортунда инфратүзүм кандай жакшырууда?
19:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Тема дня
От энергетики до замороженных ягод: как РКФР вкладывает миллиарды в экономику КР
20:11
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Жүздөгөн тарбиячы, миңден ашуун бала катышып жатат”. Өлкөдө балдардын өөрчүүсү алгачкы жолу изилденүүдө
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 10-апрелде, Бишкек шаарындагы “Технопарк” IT-хабынын ачылышына катышты. Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаровду Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын колдоосу менен атамекендик программисттер жасаган БилимБот роботу кыргызча саламдашып тосуп алды.IT-хаб санариптик инновациялар, технологиялар жана ишкердик борбору болуп саналат. Бул мейкиндик кеңселерди, коворкинг аймактарын, жыйын залдарды, подкаст жазуу студиясын жана амфитеатрларды бириктирет. Иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, аналитиктер жана башка маалыматтык технологиялар боюнча адистердин ишине бардык шарттар түзүлгөн. “Биз санарип доор учурунда жашап жатабыз. Билим жана технологияны ар кандай жаратылыш ресурсу менен атаандаша ала турган багыт катары колдонуу жөндөмдүүлүгү алдыңкы планга чыкты. Бул хабда жаңы жумуш орундары түзүлгөндөн сырткары, инновациялык чечимдер жаралып, глобалдык рынокторго эшиктер ачыларына, жаңы мүмкүнчүлүктөр жараларына үмүтүм зор”, — деген Жапаров. Ал ошондой эле IT-коомчулугунан чыккан ар бир демилгени колдой турганын белгиледи. Аянты 14 миң чарчы метр болгон IT-хаб 1500 жумушчу ордуна ылайыкталган. Креативдүү мейкиндикти курууга жана жабдууга жумшалган жалпы инвестициянын көлөмү 2 миллиард сомду түзгөн.
Заводдор фермерлерден сүттү белгиленген баада сатып алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик жыл сайын апрель-июнь айларында сүттүн баасы төмөндөп, фермерлге көгөй жаратып келгенин белгилеген. Мындан улам сүттүн майлуулугуна жараша тарифтик график иштелип чыгып, фермерлерге сүттү заводдорго ортомчусуз сатуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды. Майлуулукка жараша баа 3 пайыз — 31 сомдон; 3,5 пайыз — 36-39 сомдон; 4 пайыз жана андан жогору — 40 сомдон өйдө болот."Бул баа ар бир сүт кабыл алган заводго илинип, элге жеткиликтүү болушу шарт. Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса, Ветеринардык кызматтын лабораториясына кайрылууга болот. Лаборатория экспертиза жүргүзүп, жыйынтыгы менен завод фермердин сүтүн белгиленген тариф менен кабыл алууга милдеттүү болот", — деп жазылган маалыматта. Токтомду аткарбаган ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
Улуу Британия Украинага өзүнүн аскерлерин беш жылга жайгаштырууну караштырып жатат. Бул туурасында Telegraph жазды. Негизги максат — Украинанын Куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүүгө, даярдыгын арттырууга көмөктөшүү, "өтө зарыл болуп турган тыным алууга" шарт түзүү экенин жазды. Учуру келгенде чет элдик контингентти этап-этабы менен чыгарышары айтылган. Европалык аткаминерлерге шилтеме берген France Press агенттиги "каалоочулар коалициясына" кирген алтыга чукул өлкө Киевге аскер жөнөтө аларын айткан. Алардын ичинде Британия, Франция жана Балтика боюндагы өлкөлөр бар.27-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон аталган коалициянын саммитинин жыйынтыгы менен союздун бир катар өкүлдөрү Украинага "токтотуп туруучу күчтөрдү" жиберишерин, алар тынчтык орнотуучулар эместигин билдирген. Бул күчтөр стратегиялык жерлерге жайгаштырылмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0