БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында майрамдалды. Бул туурасында айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Мухамет Нишанбаев аймактык кабарчыга билдирди.
![1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында майрамдалды 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында майрамдалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103317/13/1033171351_49:0:1080:648_600x0_80_0_0_5880dd7ca7785614c5d7971dacf41d52.jpg)
![Аталган айылда жыл сайын 1-майда жумуртка кагыштыруу оюну уюштурулат Аталган айылда жыл сайын 1-майда жумуртка кагыштыруу оюну уюштурулат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103317/13/1033171333_49:0:1080:648_600x0_80_0_0_9e8b70797936a671ccbf8eb5db28f6d1.jpg)
![Бул оюнга жаш балдардан аксакал карыяларга чейин келип катышат. Ар бири жумуртканы сууга бышыра келишет. Катышуучулар бири-биринин жумурткасын уруштурат кимдикинен жарака кетсе, жумурткасын атаандашына берет. Бул оюнга жаш балдардан аксакал карыяларга чейин келип катышат. Ар бири жумуртканы сууга бышыра келишет. Катышуучулар бири-биринин жумурткасын уруштурат кимдикинен жарака кетсе, жумурткасын атаандашына берет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103317/13/1033171339_47:0:1078:648_600x0_80_0_0_e8d8350dec016d8cf5e4e02037649b06.jpg)
Аталган айылда жыл сайын 1-майда "жумуртка кагыштыруу" оюну уюштурулат. Аны бала чагынан бери ойноп келген 42 жаштагы Абдималик Масалиев оюндун эрежесин мындайча түшүндүрдү.
"Бул оюнга жаш балдардан аксакал карыяларга чейин келип катышат. Ар бири жумуртканы сууга бышыра келишет. Катышуучулар бири-биринин жумурткасын "уруштурат" кимдикинен жарака кетсе, жумурткасын атаандашына берет. Айрымдар көжө, бозо, курут өңдүү улуттук тамак-аштарды жасап келип сатышат", — деди Масалиев.
Ошондой эле ал, иш-чара спорттук оюндар жана концерттик программа менен коштолуп, Кара-Бак айылы Тажикстандын Лакан айылы менен чектеш болгондуктан тажик жарандары да майрамдоого келерин кошумчалады.