БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкү жүрүп, 11 турак жайды басып калды. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
![Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкү жүрүп, 11 турак жайды басып калды. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкү жүрүп, 11 турак жайды басып калды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103316/36/1033163628_0:106:1031:755_600x0_80_0_0_80f8c50e43d8e90a74dec876a5fc6e5c.jpg)
![Жабыркагандар жок. Жабыркагандар жок. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103316/36/1033163634_0:72:1031:721_600x0_80_0_0_84bd71b0960ac4343aab8cbb538f3a04.jpg)
Маалыматка ылайык, аталган айыл аймактын Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда көчкү акырындык менен сүрүлүп отуруп, 300 метрге чейин жылган.
"Сүрүлүп жаткан көчкү кечээ, 30-апрелде 10 үйдү басып калса, бүгүн 11-турак жайды басып, 12-үйгө жакындап калды. Ошондой эле өйдө жактан агып түшкөн сууну бөгөп калып, суу топтолууда. Айылда 61 турак жай бар. Мындан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке коркунуч жаралууда", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ӨКМ тарабынан 15 чатыр тигилип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда дагы 46 даана чатыр, гигиеналык каражаттар бөлүнүп 28 үй-бүлөнү көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.