00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Политика США в регионе: что изменится после ухода USAID? Беседа с экспертами
14:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызстан на «Продэкспо-2025»: как кыргызским предпринимателям расширить экспорт в страны ЕАЭС?
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Авитаминоз: Жазга карата витаминдерди кантип туура тандайбыз?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От агрокредитов до цифровых решений: новый курс «Айыл Банка»
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Сырдуу Самарканд» тасмасында кандай сырлар катылган?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Путь к ЧМ-2026: какие шансы у сборной Кыргызстана?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чолпон-Атадагы ипподромдун жетекчилиги элден эмнеге акча алынып жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарга ипподромго кирүү үчүн 50 сомдон алынып жатканы тууралуу видео тараган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга киргендерден 50 сом өлчөмүндө акы алуу тууралуу буйрук 3-июлда кабыл алынганын Этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана таза кандуу жылкы чарбасын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Эламан Мамытов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ежегодный международный марафон Run the Silk Road на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
КМШнын маданият министрлери Ысык-Көлгө чогулат
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга ипподромго кирүү үчүн 50 сомдон алынып жатканы тууралуу видео тараган. Бул айрым колдонуучулардын ачуусуна тийген.

Мамытов чогулган каражат ат майдандын ары-бери жагын оңдоп-түздөөгө кетерин айтып, ипподром мамлекеттен бир сом акча албагандыктан кеткен чыгымдардын бардыгын өздөрү каржылашарын айтты.

Андан сырткары, берилген ар бир талон каттоого алынып, бардыгы кассага түшөрүн баса белгиледи.

"Ипподромду кармап туруу дагы кымбат болууда. Айына 700-800 миң сомго чейин чыгып жатат. Анын ичинде жумушчулардын айлыгы, электр энергиясы, суу, салык сыяктуу чыгымдар бар. Кышында миллион сомго чейин жетип кетти. Себеби, имараттын ичи көгөрүп кетпесин деп жылытып жаттык", — деди Мамытов.

Ал өз сөзүндө ипподромго келген эл имараттын айланасын булгап, арак ичип, шишелерин ыргытып кеткен учурлар болгонун белгиледи.

"Башында бул жерге келип алып, ырдап-бийлеп кеткендер болду. Аларды "кеткиле" деп катуу айта албайт экенсиң. Акы алына баштагандан тарта жөн эле келе бергендердин саны азайды. Акы алуу 3-сентябрга чейин уланат", — деди ал.

Мамытов мындай акы алуу аракети кийинки жылы жай айында да болорун кошумчалады.

Кабыл алынган буйрукка ылайык, ипподромго кирүү 7 жашка чейинкилер үчүн бекер, андан жогоркулар үчүн 50 сом деп бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0