00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Авитаминоз: Жазга карата витаминдерди кантип туура тандайбыз?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От агрокредитов до цифровых решений: новый курс «Айыл Банка»
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
«Сырдуу Самарканд» тасмасында кандай сырлар катылган?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Путь к ЧМ-2026: какие шансы у сборной Кыргызстана?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Иш-чара "Ынтымак ордо" комплексинде уюштурулуп, флагштокторго Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери илинди. Мындан тышкары, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.Эки өлкө лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң Ардак кароол ротасынын командири рапорт берип, мамлекет башчылары аскердик түзүмдү айланып чыгышты. Азем учурунда лидерлер мамлекеттик желекке урмат көрсөтүп, Рахмон аскер кызматкерлерине кайрылып, "Салам, аскер!" деп учурашты. Эске салсак, кечээ Тажикстан президенти мамлекеттик сапар менен келген. Анын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Быйыл Ош облусунда жалпы 81 даана көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул иштер облус боюнча электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталат. Белгилей кетсек, 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата пландалган иштер белгиленген графикке ылайык, ушул жылдын март айынан тарта ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. "Жергиликтүү тургундарга убактылуу өчүрүүлөр боюнча oshpes.kg сайтынан алдын ала маалымат берилип, оңдоо иштеринин мөөнөттөрү тууралуу кабардар кылынат",-деп айтылат маалыматта.
Кечээки Оштогу жер титирөөдөн 25 үй, 12 мектеп жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. Мындан тышкары, бир бала бакча менен бейтапкананын имаратынан жарака кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы имараттардагы эски жаракалар жер титирөөдөн чоңоюп кеткенин аныктады.Жабыркаган үйлөрдүн 13ү Алай районунда, калганы Кара-Сууда жайгашкан. Эске салсак, 12-мартта Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсүн Жалал-Абад облусундагылар дагы сезгени айтылган.
Вашингтондун Россияга финансылык кысым көрсөтүү рычагдары бар, бирок аны колдонуу Украинадагы тынчтыкты орнотуу ишине каршы келип калат. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамптын айтканын РИА Новости жазды. "Финансылык жактан алып караганда жагымсыз нерселер бар. Каржылык жактан бир нерсе жасай алам. Ал Россия үчүн жаман болуп калышы мүмкүн. Аны кылгым келбейт, себеби дүйнөдө тынчтык орношун каалайм", — деген Трамп. Андан сырткары, өлкө башчы Украинадагы согушту жөнгө салуу жаатындагы пландарына токтолду. "Ок атышууну токтоткондон кийин элдешип, кармашка толугу менен чекит коюу зарыл. Зеленский буга чейин тынчтыкка келүүгө ынабай жаткан, азыр моюн сунду. Киев менен аймактык маселени дагы талкууладык", — деген Трамп. Ал согуш отун токтотуу боюнча Россиянын макулдугун күтүп жатканын, Москвага америкалык делегация жөнөтүлгөнүн да билдирген. Украина менен дароо элдешүү боюнча азырынча Россия президенти Владимир Путин эч нерсе дей электигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0