БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан чыккан өрттөн улам 15ге чукул контейнер күйүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаев билдирди.
![Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Ак-Тилек базарынан чыккан өрттөн улам 15ге чукул контейнер күйүп кеткен Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Ак-Тилек базарынан чыккан өрттөн улам 15ге чукул контейнер күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150234_0:55:1279:860_600x0_80_0_0_f6dd31b8a49ffb63cbe456ad60c7b2c5.jpg)
![Эске салсак, 17-сентябрь түнкү саат 22.35тер чамасында Каракол шаарындагы Ак-Тилек базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган Эске салсак, 17-сентябрь түнкү саат 22.35тер чамасында Каракол шаарындагы Ак-Тилек базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150239_0:67:1280:872_600x0_80_0_0_92e6abee79dba774bb5a13f655e6e201.jpg)
![Кыдыкбаевдин айтымында, өрт түнкү саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн Кыдыкбаевдин айтымында, өрт түнкү саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150244_0:75:1280:880_600x0_80_0_0_9b4a8190018ab24cd719f6210c8729d1.jpg)
![Өрт өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган Өрт өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150255_0:63:1280:868_600x0_80_0_0_4ec1b931b8782d79e790990c75a6e94e.jpg)
![Кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн Кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150260_0:26:1280:831_600x0_80_0_0_fd252c43b53718bd50829d9b4ad9e258.jpg)
![Жергиликтүү кабарчынын маалыматында, азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат айтыла элек. Жергиликтүү кабарчынын маалыматында, азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат айтыла элек. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104115/02/1041150266_0:0:1279:804_600x0_80_0_0_740272635eee5a9ed42df90a345534e0.jpg)
Эске салсак, 17-сентябрь түнкү саат 22.35тер чамасында Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган.
Кыдыкбаевдин айтымында, өрт түнкү саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн.
"Өрт өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн. Базардын өрттөнгөн бөлүгүндө көпчүлүгү тамак-аш саткандар соода кылчу экен", — деди Кыдыкбаев.
"Ошол жерде иштегендердин айтымында, өрт электр зымдары тийишип, андан соң баллондор жарылганда күчөп кеткен. Ашканаларга жакын жайгашкан контейнерлердеги товарлар да өрттөнгөн. Бул базарда соода кылгандардын көбү эле аялдар. Дээрлик бардыгы насыя алып жан багып жатышкан. Учурда алар эмне кылаарын билбей жүрүшөт", — деди Сарыбаева.
Кырсык болгон жерге эртең менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев келип ишкерлер менен жолуккан.
Жергиликтүү кабарчынын маалыматында, азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат айтыла элек.