НУР-СУЛТАН, 28-май — Sputnik. Елбасы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Казакстандын биринчи президентинин ордени менен сыйлады.
Белгилей кетсек, Жээнбековдун Казакстанга болгон жумушчу сапары 28-майдан 29-майга чейин созулат.
![Елбасы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Казакстандын биринчи президентинин ордени менен сыйлады. Елбасы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Казакстандын биринчи президентинин ордени менен сыйлады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104449/18/1044491886_0:15:2480:1573_600x0_80_0_0_5b187eb54022593fcd5086d397ac6bb2.jpg)
![Жээнбековдун Казакстанга болгон жумушчу сапары 28-майдан 29-майга чейин созулат. Жээнбековдун Казакстанга болгон жумушчу сапары 28-майдан 29-майга чейин созулат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104449/18/1044491891_0:0:2480:1559_600x0_80_0_0_83fc8dd06de4792e8d148f1d66efb967.jpg)
![Орден Қазақстан Республикасының Тұңғыш Президенті — елбасы Нұрсұлтан Назарбаев деп аталат. Орден Қазақстан Республикасының Тұңғыш Президенті — елбасы Нұрсұлтан Назарбаев деп аталат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104449/19/1044491911_0:26:2480:1585_600x0_80_0_0_c00ccf7080e5ddb0a431d82445c0a780.jpg)
![2001-жылы негизделген орден Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарынын ичинен үчүнчү орунда турат. 2001-жылы негизделген орден Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарынын ичинен үчүнчү орунда турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104449/19/1044491906_0:82:2480:1641_600x0_80_0_0_01277feabb213e9b0f61b8d2f15e2cd5.jpg)
"Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгы жана ЕАЭБдин беш жылдыгы, ошондой эле Казакстан менен болгон мамилени жакшыртууга кошкон салымы үчүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президентинин ордени менен сыйлансын", — деп токтомдо айтылат.
Сооронбай Жээнбековду, Владимир Путинди жана Александр Лукашенкону орден менен сыйлоо токтомуна президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Кыргызстандын мамлекет башчысы бүгүн Касым-Жомарт Токаев менен дагы жолукту.
"Сиздин келишиңизге абдан кубанычтабыз. Эки өлкөнүн ортосунда достук мамиле бар. Мындай мамилени башка өлкөлөр менен салыштырып болбойт. Мисалы, ортодо мамлекет аралык, өкмөт аралык кеңеш, тышкы иштер министрлеринин кеңеши бар", — деди Токаев.
Ал ошондой эле бир катар институттардын болушу эки өлкөнүн мамилеси эң жогорку мааниге ээ экенин көрсөтөрүн белгиледи.