00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баңгизат лабораториясын иштеткен адвокаттын жоругу. Февралдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЭкспертно-криминалистическая лаборатория
Экспертно-криминалистическая лаборатория - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Узап кеткен февраль айында өлкөдөгү фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап, өкүм чыгарды.
Булардын арасында үй-бүлөсүн бычак, мылтык менен коркуткан атанын кылыгы, кара куурай өстүргөн кылмыштуу топ менен элди козуткан адвокаттын жоруктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айда соттор караган айрым иштердин өкүмүн сунуштайт.

Майып сиңдисин чынжырлап...

Унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү

Айыпталуучу үйдө чогуу жашаган сиңдисинин бутун чынжыр менен ороп, аны темирге байлап койгон. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана психологиялык жактан ооруган жабырлануучу түндө милицияга чалып арызданган. Укук коргоо кызматкерлери келип ыкчам-тергөө иштерин жүргүзгөн. Ал эми үйдүн кожойкеси жолдошу менен коноктон түндө келип, окуянын чоо-жайын тергөөчүлөрдөн билген. Сот үй ээсинин келинчеги менен майып кыздын эжесин күнөөлүү деп таап 2,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде айыпталуучулар камактан бошотулган.

Айылдашын бычактаган эргул

27 жаштагы жигит таанышы менен бакчада арак ичип отуруп, экөө уруша кетишкен. Айыпталуучу өзүнөн бир жаш кичүү айылдашын катуу сабап, бычактап жиберген. Таяк жеген бала окуя болгон жерде көз жумган. Эртеси киши өлүмүнө себепкер жигит өзү милицияга барып, ал күнү арак ичпегенин, адам өмүрүн алган кырсык кантип болуп кеткенин өзү да билбей калганын айткан. Фемида өкүлдөрү мурда соттолгон эки балалуу атаны 15 жылга темир тор артында калтырды.

Аялын, балдарын коркуткан зөөкүр

Кылмышка шектүү эркек өз аялы менен таарынышып жүрүп ажырашууга чейин жетип калган. Бирок бүлөсүнөн ажырагысы келбей, кайын журтуна барып, бир нече жолу аларды бычак, ок атуучу курал менен коркутуп чыр салган. Териштирүү маалында эргулдун жакындарын коркутуп-үркүтүп күч колдонгондугу далилденген. Үч баланын атасы 600 сааттык коомдук жумушка кесилди.

Кара куурай өстүргөндөр

Борбор калаада адвокат болуп иштеген жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон адам менен таанышып, экөө Бишкек шаарында кара куурай өстүрүү үчүн атайын лаборатория ачкан. Аны кымбат балуу техника менен жабдып, сапаттуу үрөн, жер семирткич сатып алып баңгизат өндүрө башташкан. УКМК кызматкерлери алардын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда эки килограммдан ашык мыйзамсыз зат таап чыккан. Сот адвокатка 300 миң сом айып салып, экинчисин беш жыл үч айга камап, 100 миң сом төлөмөр кылды.

Элге ок аткан погончондор

Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу

Шаардык милицияда иштеген эки кызматкер жумуштан кийин коомдук жайлардын биринде эс алып жүрүп, топ балдар менен уруша кетишкен. Көчөгө чыгып мушташып, милиционердин бири кызматтык тапанчасын алып чыгып бир жолу асманга, эки жолу адамдарга ок чыгарган. Жыйынтыгында бир ок таксист баланын бутуна тийген. Тергөө маалында шектүүлөр мушташ болгонун, бирок ок атуучу курал колдонбогондугун айтышкан. Ал эми окуяга күбө болгондор көчөдө ок атылып, ал жерде калган гильзаны погончондорго өткөзүп бергенин билдиришкен. Сот ок аткан эркекти үч жыл сыноо мөөнөтүнө калтырып, анын шеригин жазалаган жок.

Интернетте элди бөлүп-жарган адвокат

Борбор калаада адвокатттык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юрист маалымат агенттиктери жарыялаган түрдүү макалалардын алдына улут аралык мамилени козутууга багытталган билдирүүлөрдү байма-бай жазып турган. Мындай аракеттерин ал бир нече ай жасап, соттук териштирүү маалында жогоруда айтылган айыптоолорду четке каккан. Погончондор шектүүнүн интернет булактарына жазгандарын атайын экспертизадан өткөрүп, кылмыштын курамын таап чыгышкан. Элди бөлүп-жарган жаран эми 300 миң сом мамлекетке төлөп бермей болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0