00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тынчсызданбагыла, чек ара күнү-түнү көзөмөлдө. Коопсуздук кеңештин катчылыгы үн катты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация на границе между Кыргызстаном и Таджикистаном
Ситуация на границе между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Катчылык чек арада түзүлгөн кырдаалды тынч, сүйлөшүү жолу менен чечүү жаатында иштер болуп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт. Мындай билдирүүнү президенттин маалымат кызматы таратты.
Анда учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылган.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатканын билдирген.
"Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат.Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт", — деп айтылган билдирүүдө.
Катчылык чек арада түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер уланып жатканын айткан.
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Прибытие в Кыргызстан президента Таджикистана Эмомали Рахмона - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Баткен жана Согд облусунун башчылары чек арадагы коопсуздук боюнча сүйлөштү
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.
Эртең менен Чек ара кызматы 4-июндан 5-июнга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0