00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:11
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:04
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда Мамлекеттик соода компаниясы түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Компания түзүү максаты — товары өлкө аймагына кирбеген, бирок соода агымына катышкан кыргызстандык компанияларга мониторинг жүргүзүү. "Буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык ата мекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат. Бул аталган тармакта тартип орнотуу жана финансылык операцияларды көзөмөлдөө үчүн зарыл", — деп жазылат маалыматта. Чектөө жеке колдонуу үчүн товарга маркетплейстер аркылуу буйрутма бергендерге таасирин тийгизбей турганы кошумчаланды.
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына парк куруу пландалып жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.Билдирмеге караганда, сейил бак болжол менен 48 сотых жерге салынат. Долбоорун Мамкурулуш агенттигинин Жайыл району боюнча башкармалыгы иштеп чыгып, жергиликтүү бийликке сунуштаган.
Кытайдын илимий борборлорунда стажировкадан өтүү үчүн окумуштуулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, илимий стажировканын мөөнөтү 6 айдан 1 жылга чейин созулат. "Кытай тарап окуу чыгымдарын көтөрүп, жатакана менен камсыз кылат. Стипендия дагы бөлүп берүү маселеси каралып жатат. Сынакка илим жана технологиялар аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө аракет жумшаган, айыл чарба, биомедицина, индустриялаштыруу, "жашыл" экономика жана сейсмология тармактарындагы адистер катыша алат", — деп жазылат кабарда. Талаптар: катышуучунун жашы 45 жашка чейин болушу керек; кенже илимий же андан өйдө кызматта иштеген же 5 жылдык илимий иш тажрыйбасы бар; англис тилин билүү керек. Сынакка катышуу үчүн 20-октябрга чейин арыз жазуу керек. Паспорт, диплом, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин көчүрмөсү, эмгек китепченин көчүрмөсү, илимий эмгектердин тизмеси Касым Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги министликтин имаратынын 215-бөлмөсүндө кабыл алынат.
Бишкекте 1-октябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Ага ылайык, иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Новосибирск, Коми жана Дагестан республикалары), Түркмөнстан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан чыгармачылык сынактардын жеңүүчүлөрү, Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат. Жаш курак чектелген, тагыраагы, оюндарда 7 жаштан 14 жашка чейинки жаш таланттар ат салышат. "Программага элдик, классикалык жана заманбап искусствонун 11 номинациясы боюнча сынактар кирет. Алардын катарында фортепиано, скрипка, классикалык гитара, сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, жеке элдик ырдоо, ди-джей, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле Парадельфи номинациясы – жаңдоо тилинде ыр ырдоо бар", — деп жазылат маалыматта
Жаңылыктар түрмөгү
0