https://sputnik.kg/20211031/kyrgyzstandyn-armiyasy-rejting-93-orun-1054428583.html
Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунда турат. Коңшу мамлекеттерчи?
Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунда турат. Коңшу мамлекеттерчи?
Sputnik Кыргызстан
Рейтингде жалпысынан 140 өлкө бар. Тизменин сап башына АКШ, Россия жана Кытай жайгашкан. Ал эми Борбор Азияда аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат. 31.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-31T18:48+0600
2021-10-31T18:48+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
борбор азия
армия
рейтинг
https://sputnik.kg/img/103400/96/1034009685_0:297:6016:3681_1920x0_80_0_0_08e95ec15262b82dd9adc45ea8010398.jpg
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунга чыкты. Бул тууралуу Global Firepower сайтынын жаңыртылган рейтингинде жазылган.Анда Кыргызстандын рейтинги жогорулаган белги турат, бирок канчанчы орундан өйдө көтөрүлгөнү жазылган эмес.Жалпысынан тизмеге 140 өлкө кирген. Рейтингдин көч башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Андан кийин Индия менен Япония жайгашкан.Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат. Ал эми жалпы тизме төмөнкүдөй:Эске салсак, 3-сентябрда Россияда өткөн эл аралык "АрМИ-2021" танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап чемпион аталган. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) ээлеген.
https://sputnik.kg/20211023/kyrgyzstanda-amerikanyn-bazasy-bolobu-zhaparov-1054331037.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103400/96/1034009685_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_1d229e8f74ba6757f3beb90a3de2c45b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, борбор азия, армия, рейтинг
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, борбор азия, армия, рейтинг
Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунда турат. Коңшу мамлекеттерчи?
18:48 31.10.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Рейтингде жалпысынан 140 өлкө бар. Тизменин сап башына АКШ, Россия жана Кытай жайгашкан. Ал эми Борбор Азияда аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунга чыкты. Бул тууралуу Global Firepower сайтынын жаңыртылган
рейтингинде жазылган.
Анда Кыргызстандын рейтинги жогорулаган белги турат, бирок канчанчы орундан өйдө көтөрүлгөнү жазылган эмес.
Жалпысынан тизмеге 140 өлкө кирген. Рейтингдин көч башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Андан кийин Индия менен Япония жайгашкан.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат. Ал эми жалпы тизме төмөнкүдөй:
- Өзбекстан 51-орунда;
- Казакстан - 61;
- Түркмөнстан - 86;
- Кыргызстан - 93;
- Тажикстан - 99.
23 Тогуздун айы 2021, 15:29
Global Firepower индекси болжол менен 50 фактыны эске алуу менен түзүлөт. Анын ичинде аскерге жарамдуулардын саны, мамлекеттин армияга бөлгөн каражаты, Аскер-аба жана деңиз күчтөрүнүн кубаттуулугу эске алынат.
Эске салсак, 3-сентябрда Россияда өткөн эл аралык "АрМИ-2021" танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап
чемпион аталган. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) ээлеген.