https://sputnik.kg/20220411/batysh-defolt-zharyyalasa-moskva-aktygyn-dalildejt-1063559365.html
Россия Батыштын дефолт жарыялоо аракетинин кесепетин санап берди
Россия Батыштын дефолт жарыялоо аракетинин кесепетин санап берди
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки АКШ санкциялар аркылуу Россияны дефолтко кептеп же калган валюта резервин толугу менен сарпташын каалап жатканын... 11.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-11T13:42+0600
2022-04-11T13:42+0600
2022-04-11T13:43+0600
дүйнөдө
россия
акш
батыш
каражат
төлөм
дефолт
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0b/1063559331_0:53:3347:1936_1920x0_80_0_0_90f6ed8719159e20fdeda0f59c20369d.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Эгерде Батыш дефолт жарыяласа Москва сотто чет элдик инвесторлордун алдында милдеттенмелерин аткарганга бардык аракетин жумшаганын далилдөөгө даяр. Бул тууралуу Россиянын финансы министри Антон Силуанов "Известияга" маек куруп жатып айткан.Силуанов иш сотко чейин жетсе процесс оор болорун эскерткен."Биз бардык кыйынчылыктарга карабастан өз чындыгыбызды далилдегенге аракет кылышыбыз керек. Азыркы кризис демократияга, жеке менчиктин кол тийбестигине жана башка батыштык баалуулуктарга негизделген нерселер кыйрап жатканын көрсөттү. Ошондуктан алардын сот тутумунун объективдүүлүгү күмөн жаратат", — деди министр.Силуанов дефолт өлкөнүн ишенимдүү карыз алуучу (заемщик) катары беделине доо кетире турганын, Батыш муну ишке ашыруу үчүн бардык аракетин жумшай турганын айткан.Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки АКШ санкциялар аркылуу Россияны дефолтко кептеп же калган валюта резервин толугу менен сарпташын каалап жатканын айткан. Ошондой эле ал АКШ мындай жол менен Россиянын Украинадагы аракеттерин токтотуу үчүн ресурстарын түгөтүүнү көздөп жатканын белгилеген. Псакинин пикиринде, санкциялар эмитен эле өз жемишин берип, "Россиянын финансылык системасын жарга такап койду".Батыш мамлекеттери Украинада атайын операция башталгандан бери бир катар катаал санкцияларды киргизди. Анын ичинде Россия Банкына алтын валюта резервдерин колдонууну чектеген.
https://sputnik.kg/20220407/germaniyalyktarga-rossiya-gazysyz-kalganda-kanday-abalga-tush-bolorun-aytyp-berishti-1063465069.html
акш
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0b/1063559331_543:0:3274:2048_1920x0_80_0_0_2bc28ec29713ff630a290d53cd413998.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, батыш, каражат, төлөм, дефолт
дүйнөдө, россия, акш, батыш, каражат, төлөм, дефолт
Россия Батыштын дефолт жарыялоо аракетинин кесепетин санап берди
13:42 11.04.2022 (Жаңыртылды: 13:43 11.04.2022) Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки АКШ санкциялар аркылуу Россияны дефолтко кептеп же калган валюта резервин толугу менен сарпташын каалап жатканын айткан.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Эгерде Батыш дефолт жарыяласа Москва сотто чет элдик инвесторлордун алдында милдеттенмелерин аткарганга бардык аракетин жумшаганын далилдөөгө даяр. Бул тууралуу Россиянын финансы министри Антон Силуанов
"Известияга" маек куруп жатып айткан.
"Биз сотто валюта менен дагы, рубль менен дагы төлөгөнгө аракет кылган төлөмдөрдү көрсөтөбүз", — деген министр.
Силуанов иш сотко чейин жетсе процесс оор болорун эскерткен.
"Биз бардык кыйынчылыктарга карабастан өз чындыгыбызды далилдегенге аракет кылышыбыз керек. Азыркы кризис демократияга, жеке менчиктин кол тийбестигине жана башка батыштык баалуулуктарга негизделген нерселер кыйрап жатканын көрсөттү. Ошондуктан алардын сот тутумунун объективдүүлүгү күмөн жаратат", — деди министр.
Силуанов дефолт өлкөнүн ишенимдүү карыз алуучу (заемщик) катары беделине доо кетире турганын, Батыш муну ишке ашыруу үчүн бардык аракетин жумшай турганын айткан.
Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки АКШ санкциялар аркылуу Россияны дефолтко кептеп же калган валюта резервин
толугу менен сарпташын каалап жатканын айткан. Ошондой эле ал АКШ мындай жол менен Россиянын Украинадагы аракеттерин токтотуу үчүн ресурстарын түгөтүүнү көздөп жатканын белгилеген. Псакинин пикиринде, санкциялар эмитен эле өз жемишин берип, "Россиянын финансылык системасын жарга такап койду".
Батыш мамлекеттери Украинада атайын операция башталгандан бери бир катар катаал санкцияларды киргизди. Анын ичинде Россия Банкына алтын валюта резервдерин колдонууну чектеген.