https://sputnik.kg/20220824/balanyn-oluk-torolushun-sharttayt-kosh-boyluu-kezde-tameki-tartuunun-kesepetteri-1067104626.html
Баланын ара төрөлүшүн шарттайт. Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун кесепеттери
Баланын ара төрөлүшүн шарттайт. Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун кесепеттери
Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти. 24.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-24T09:35+0600
2022-08-24T09:35+0600
2022-08-24T09:35+0600
ден соолук
тамеки
медицина
ымыркай
кош бойлуулук
https://sputnik.kg/img/07e6/08/17/1067104426_0:0:1921:1080_1920x0_80_0_0_f0d3b8dabe9b05cb751cb737635a3d46.jpg
БИШКЕК, 24-авг. Кош бойлуу аял тамеки чеккенде ымыркай өлүк же айына жетпей төрөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалымдады.Дарыгерлердин айтымында, болочок эне чылым чеккен учурда никотин тон аркылуу ымыркайга өтүп, анын нерв системасын жабыркатат. Ал эми тамекинин түтүнү гендин түзүлүшүн өзгөртүп мутацияга алып келет.Болочок эненин чылым чегүүсүнөн улам жатындагы бала төмөнкү терс таасирлерге кабылышы ыктымал:Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти.
https://sputnik.kg/20220821/kosh-bojluuluktu-zhenildetchu-momo-1066978168.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/17/1067104426_106:0:1813:1280_1920x0_80_0_0_96397cd1f04efbbbc9f6eb5ef721c822.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, тамеки, медицина, ымыркай, кош бойлуулук
ден соолук, тамеки, медицина, ымыркай, кош бойлуулук
Баланын ара төрөлүшүн шарттайт. Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун кесепеттери
Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти.
БИШКЕК, 24-авг. Кош бойлуу аял тамеки чеккенде ымыркай өлүк же айына жетпей төрөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору
маалымдады.
Дарыгерлердин айтымында, болочок эне чылым чеккен учурда никотин тон аркылуу ымыркайга өтүп, анын нерв системасын жабыркатат. Ал эми тамекинин түтүнү гендин түзүлүшүн өзгөртүп мутацияга алып келет.
"Ошондой эле никотин балдарда жүрөктүн тубаса кемтигин пайда кылат. Наристенин мөөнөтүнөн эрте төрөлүүсү же убагында төрөлсө да салмагы аз, дене бою өспөй жана акыл-эс жактан артта калуу коркунучу бар", — деп айтылат маалыматта.
Болочок эненин чылым чегүүсүнөн улам жатындагы бала төмөнкү терс таасирлерге кабылышы ыктымал:
бойдон түшүү жана эмбриондун өнүгүүсүндөгү кемчиликтердин пайда болушу;
психикалык өнүгүүсү жактан артта калышы;
менингит, кулак инфекциясы, бронхит, пневмония же астма сыяктуу илдеттерге бала кезинде да, чоңойгондо да тез кабылышы;
өпкө, кулак оорулары, аллергия жана башка онкологиялык, жүрөк-кан тамыр системасында оорулардын пайда болушу.
Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти.