https://sputnik.kg/20230706/kreativduu-ehkonomika-tuuraluu-1076816177.html
Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө
Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө
Sputnik Кыргызстан
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекчиси Назгүл Кубакаева жаратмандарга шарт түзүү менен аларды көмүскөдөн чыгаруу максатталганын белгиледи. 06.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-06T10:10+0600
2023-07-06T10:10+0600
2023-07-06T10:10+0600
радио
назгүл кубакаева
кыргызстан
экономика
чыгармачылык
салык
https://sputnik.kg/img/07e7/07/06/1076816591_0:217:3067:1942_1920x0_80_0_0_38bfb5dea35000cc8d961c9edd392688.jpg
Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө
Sputnik Кыргызстан
Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө
Жаратмандар арасында салык төлөө маданиятын калыптандырып, бул көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатталууда. Бул тууралуу Назгүл Кубакаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, креативдүү индустриялар паркы түзүлүп, мүчөлөрүнө салыктык жеңилдиктер каралган.Ошондой эле ал жаратмандардын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/06/1076816591_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_ca120b2b69814ea90b339b3e72799e9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
назгүл кубакаева, кыргызстан, экономика, чыгармачылык, салык, аудио
назгүл кубакаева, кыргызстан, экономика, чыгармачылык, салык, аудио
Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекчиси Назгүл Кубакаева жаратмандарга шарт түзүү менен аларды көмүскөдөн чыгаруу максатталганын белгиледи.
Жаратмандар арасында салык төлөө маданиятын калыптандырып, бул көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатталууда. Бул тууралуу Назгүл Кубакаева
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, креативдүү индустриялар паркы түзүлүп, мүчөлөрүнө салыктык жеңилдиктер каралган.
"Креативдүү экономика жаатындагы мыйзамдардын багыты — салык төлөө маданиятын калыптандыруу. Анткени жаратмандар көбүнчө көмүскө экономиканын катышуучусу катары иш алып барууга мажбур болуп келишкен. Азыр бул тармакка салыктык жеңилдиктердин берилген себеби салык төлөө, банктык эсеп ачуу сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрүп алса келечекте компаниясын кеңейтүүгө, жетишкен мамлекеттер менен иштешүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Мурдагыдай эрежелер кала берсе экспортко продукция чыгаруу кыйын болуп, натыйжада жаратмандар шарты бар өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушу ыктымал. Ошондуктан жаратмандардын башын бириктирип, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүндүк, шарт түзүп берүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Кубакаева.
Ошондой эле ал жаратмандардын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.