00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
8 мин
Максимальный репост
Промышленность Кыргызстана и ЕАЭС: влияние инвестиций и интеграции
16:09
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Саламдашуу — адептин башаты. Канткенде жаштарга учурашуунун маанисин, адебин үйрөтөбүз?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги Российско-Кыргызского медиафорума: как медиа формируют ценности молодежи?
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:10
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Профессор Эрнст Акрамов 89 жашында дүйнөдөн өткөнүн анын кесиптештери билдиришти.Медицина илимдеринин доктору өмүрүнүн аягына чейин Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеген. Эки жыл мурда аталган ооруканага ысымы ыйгарылган.Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз медициналык институтун аяктаган. Гимнастика спорту боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, гимнастика боюнча Кыргыз ССР курама командасынын мүчөсү. Профессор Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.2009-жылы ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Сапардын алкагында Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат. Мындан тышкары, мамлекет башчы германиялык бизнес-өкүлдөр менен жолугушуу өткөрөт.Өлкө башчы Садыр Жапаров буга чейин расмий сапар менен Австрияда болгон.
Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев УТРКга билдирген. Ал белгилегендей, жердин тартыштыгынан улам "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурулмакчы. Ошондой эле маалыматта алардагы батир ээлери жаңыга алмаштырып алары белгиленген. "Сталиндин жана Хрущевдун учурунда курулган объектилер көп. Мисалы, 10 миң чарчы метрлик 500 батир гектарлаган жерди ээлеп турат. Ал жерлерге жаңы технологиялар менен имарат курулса турак жайдын аянтын 100 миң чарчы метрге чейин кеңейтүүгө болот. Бул — замандын талабы реновация деп аталат", — деген Орунтаев. Бул үчүн ченемдик-укуктук база иштелип чыгары кошумчаланды.
25-ноябрда, Улуттук банк валюта рыногунда 92 миллион 250 миң доллар сатты. Бул — Улуттук банктын ноябрдагы үчүнчү интервенциясы. Эске салсак, ал валюта курсунун чайпалуусун алдын алуу үчүн доллар сатып жана сатып алат. Акыркы күндөрү америкалык валютанын баасы өсүүдө. Дүйшөмбү эртең мененкиге салыштырмалуу доллардын орточо курсу 11 тыйынга жогорулаган.Жыл башынан бери Улуттук банк валютаны 13 жолу сатып алып, 9 жолу сатты.
Ак үй Украина Куралдуу күчтөрүнө Россиянын түпкүрдөгү аймактарына ATACMS ракеталары менен сокку урууга уруксат бергенин тастыктаганы менен Пентагон жана Мамлекеттик департамент чечимге комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби биринчи жолу Украина америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Курск облусу менен анын айланасына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат алганын айткан. Аткаминердин айтымында, бул — коргонуу үчүн жасалган кадам.Кийинчерээк Мамдепартаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер Ак үйдүн чечимине түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Жаңылыктар түрмөгү
0