00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруучуларды даярдоо ОшТУга жүктөлдү. Ректор менен маек
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подростки и женщины работали под снегом на благо фронта — интервью о кыргызстанцах-тыловиках
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин алкагында дары-дармектерди каттоого жана экспертизалоого өзгөртүүлөр киргизилди
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз элинин салты да дини да ысырапкорчулукка каршы келет – ысырапты алдын-алуу иштери тууралуу тегерек стол
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесепетин жойгондон көрө алдын алган жеңил – Табият кырсыктарынан кантип сактануу керек?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБ өлкөлөрү биржалык бирдиктүү алмашуу мейкиндигин түзө баштады. Баалуу кагадар тууралуу маек
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесепетин жойгондон көрө алдын алган жеңил – Табият кырсыктарынан кантип сактануу керек?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик: кесиптик лицей, колледж директорлугуна конкурс ачык өтөт

© Sputnik / Асел АкматБилим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу учурда конкурстук тесттерди түзө турган жумушчу топ иштеп жатканын маалымдады.
Кесиптик лицей жана колледж директорлугуна конкурс эки этап менен өтөт. Биринчисинде тест жүргүзүлсө, андан өткөндөр аңгемелешүүгө киргизилет. Бул тууралуу Расул Абазбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна айтып берди.
Министрлик: кесиптик лицей, колледж директорлугуна конкурс ачык өтөт
Анын айтымында, учурда конкурстук тесттерди түзө турган жумушчу топ иштеп жатат.
"Ушул жылдын июнь айында министрлер кабинетинин токтому чыккан. Үч ай аралыгында конкурсту өткөрүүгө керек болуучу бардык иштерди уюштуруу биздин министрликке жүктөлгөн. Ага ылайык, кызмат ордунда беш жылдан көп отурган кесиптик лицей жана колледждердин директорлоруна конкурс жарыялоого милдеттүүбүз. Бул бир эле Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү мыйзам эмес. Ошол эле Саламаттык сактоо, Маданият жана маалымат министрлигине караган кесиптик лицей жана колледждерде да бул конкурс өткөрүлөт. Ага жогорку билимдүү, аталган тармакта беш жылдан кем эмес иштеген бардык Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Ал эми ээлеген кызматы беш жылдан ашкандар убактылуу жетекчилигин токтотуп, конкурска катышып утуп чыкса, кайра барып ишин уланта берет. Эски жетекчилери өтпөй калган окуу жайлардын директорлугуна жаңылары келет. Конкурс эки этап менен жүрөт. Биринчи тест тапшырууну биз республика боюнча бир учурда өткөрүп, жыйынтыгын үч сааттан кечиктирбей чыгарып беребиз. Экинчи этабында тесттен өткөндөр менен аңгемелешүү болот. Ал коомчулуктун көзөмөлүндө ачык жүргүзүлөт", — деди Абазбек уулу.
Ал конкурстун эки этабы тең видеого тартыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0