https://sputnik.kg/20231013/ysyk-kol-zhkku-asker-mashyguu-zhogorku-baa-1079450111.html
ЖККУнун баш катчысы "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна жогорку баасын берди
ЖККУнун баш катчысы "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна жогорку баасын берди
Sputnik Кыргызстан
Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи. 13.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-13T17:38+0600
2023-10-13T17:38+0600
2023-10-13T17:41+0600
кыргызстан
жкку
машыгуу
россия
тынчтык орнотуучу
аскерлер
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0d/1079440225_0:133:1280:853_1920x0_80_0_0_e480f458cb27aaffe6169d98e8f1980f.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Ысык-Көлдөгү "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна тартылган бардык бөлүктөр жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөткөнүн билдирди.Машыгуулар Кыргызстанда 9-13-октябрь аралыгында өттү.Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи.Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жыл сайын өтүүчү аскердик машыгууларда аскерлер ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн колдонуу жана алардын иши боюнча актуалдуу маселелердин үстүндө иш жүргүзө аларын айтты."Аскер кызматкерлери жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн командалык курамы тынчтыкты колдоо боюнча операция учурунда тапшырмаларды аткаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ болду. Тыгыз кызматташуу уюштурулду... Россиянын Аскердик деңиз флотунун сыноо базасы менен биргеликте Ысык-Көлдө аткарылган тапшырмалар машыгуунун негизги өзгөчөлүгү болду", — деди Бекболотов.
https://sputnik.kg/20231013/buzulbas-boordoshtuk-mashyguusu-ayaktady-1079431982.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0d/1079440225_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_bd975fad6da82670976672c67800b8ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жкку, машыгуу, россия, тынчтык орнотуучу, аскерлер
кыргызстан, жкку, машыгуу, россия, тынчтык орнотуучу, аскерлер
ЖККУнун баш катчысы "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна жогорку баасын берди
17:38 13.10.2023 (Жаңыртылды: 17:41 13.10.2023) Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Ысык-Көлдөгү "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна тартылган бардык бөлүктөр жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөткөнүн билдирди.
Машыгуулар Кыргызстанда 9-13-октябрь аралыгында өттү.
Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи.
"Бирдиктүү машыгуулар Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн тажрыйбасынын жогорулаганын дагы бир ирет тастыктайт. Башкаруу органдары шарттуу мамлекеттин аймагында тынчтык операцияларын даярдоо жана жүргүзүү боюнча жакшы практикадан өттү. Улуттук тынчтык контингентинин жеке курамы өз ара кызматташуу маселелерин толук көлөмдө аткарды", — деди Тасмагамбетов.
Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жыл сайын өтүүчү аскердик машыгууларда аскерлер ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн колдонуу жана алардын иши боюнча актуалдуу маселелердин үстүндө иш жүргүзө аларын айтты.
"Аскер кызматкерлери жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн командалык курамы тынчтыкты колдоо боюнча операция учурунда тапшырмаларды аткаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ болду. Тыгыз кызматташуу уюштурулду... Россиянын Аскердик деңиз флотунун сыноо базасы менен биргеликте Ысык-Көлдө аткарылган тапшырмалар машыгуунун негизги өзгөчөлүгү болду", — деди Бекболотов.
13 Тогуздун айы 2023, 13:54