https://sputnik.kg/20250331/1093010539.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министр "Түндүк" тиркемесине аттестат, аскердик билет, диплом кошуларын айттыБишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин толук... 31.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-31T13:00+0600
2025-03-31T13:00+0600
2025-03-31T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093010407_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4a6eee3e2a3476a9c009c25585b9d977.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министр "Түндүк" тиркемесине аттестат, аскердик билет, диплом кошуларын айттыБишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин толук жабылатСадыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ратификациялык грамоталарды алмаштыАлдыда кененирээкКыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон ратификациялык грамоталарды алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул документтер мамлекеттер ортосундагы чек ара келишимин мыйзамдуу бекитип, чек араны толук демаркациялоого, чек ара инфраструктурасын жаңылоого жана чек ара аймактарында ынак коңшулук мамилени чыңдоого шарт түзөт.Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштарын чечип, келишим эки өлкөдөн ратификацияланган. Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди 25-мартта ратификациялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде пара алуу уланып жатканын айтты. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Суу кодексинин долбоору каралып жатканда эл өкүлү министрлик балык чарбаларынын көлдөрүн каттабай жатканын билдирди. "Дагы эле пара алып жатасыңар. Жок дегенде жанагы 3-4 миң долларды кичине азайтып койгула. Муну атайылап мыйзамга киргизбейсиңер. Азыр көлдөр сугат, кайрак жер, жайыт катары катталган. Ал эми жайыттар салык төлөөдөн бошотулган. Эми балык чарбаларынын ээлери эмне кыларын билбей жатышат. Жергиликтүүлөр балык чарбалар салык төлөбөйт деп нааразы, акимдер, айыл өкмөттөр акча алып жатат деп жатышат", — деди Таштанбеков. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев депутаттын сын пикирине кошула турганын билдирди.
"Түндүк" тиркемесине аттестат, аскердик билет, дипломдор жана башка документтер кошулат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, тиркемени дизайн, архитектурасынан бери өзгөртүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда. "Тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестат, диплом, аскердик билет жана башка документтер кошулат. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөр тиркеменин ишинде чоң жылыш алып келерине ишенебиз. Идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынат", — деди Жамангулов. Ошондой эле ал жаңыланган версияда финансылык, мамлекеттик кызматтарга жетүүгө мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады.
Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин көчө толук жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан эскертишти. Маалыматка ылайык, Чүй проспекти менен Шопоков көчөсү бүгүн жарым-жартылай жабылган.Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленгенден кийин Чүй проспектинин Абдрахмановдон Ибраимовго бөлүгү 6-8 айга толук жабылат. Эске салсак, ЦУМдун жанына жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат.
Министр "Түндүк" тиркемесине аттестат, аскердик билет, диплом кошуларын айттыБишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин толук жабылатСадыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ратификациялык грамоталарды алмаштыАлдыда кененирээкКыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон ратификациялык грамоталарды алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул документтер мамлекеттер ортосундагы чек ара келишимин мыйзамдуу бекитип, чек араны толук демаркациялоого, чек ара инфраструктурасын жаңылоого жана чек ара аймактарында ынак коңшулук мамилени чыңдоого шарт түзөт.Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштарын чечип, келишим эки өлкөдөн ратификацияланган. Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди 25-мартта ратификациялаган. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде пара алуу уланып жатканын айтты. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Суу кодексинин долбоору каралып жатканда эл өкүлү министрлик балык чарбаларынын көлдөрүн каттабай жатканын билдирди. "Дагы эле пара алып жатасыңар. Жок дегенде жанагы 3-4 миң долларды кичине азайтып койгула. Муну атайылап мыйзамга киргизбейсиңер. Азыр көлдөр сугат, кайрак жер, жайыт катары катталган. Ал эми жайыттар салык төлөөдөн бошотулган. Эми балык чарбаларынын ээлери эмне кыларын билбей жатышат. Жергиликтүүлөр балык чарбалар салык төлөбөйт деп нааразы, акимдер, айыл өкмөттөр акча алып жатат деп жатышат", — деди Таштанбеков. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев депутаттын сын пикирине кошула турганын билдирди."Түндүк" тиркемесине аттестат, аскердик билет, дипломдор жана башка документтер кошулат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, тиркемени дизайн, архитектурасынан бери өзгөртүп, көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда. "Тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестат, диплом, аскердик билет жана башка документтер кошулат. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөр тиркеменин ишинде чоң жылыш алып келерине ишенебиз. Идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынат", — деди Жамангулов. Ошондой эле ал жаңыланган версияда финансылык, мамлекеттик кызматтарга жетүүгө мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады.Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин көчө толук жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан эскертишти. Маалыматка ылайык, Чүй проспекти менен Шопоков көчөсү бүгүн жарым-жартылай жабылган.Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленгенден кийин Чүй проспектинин Абдрахмановдон Ибраимовго бөлүгү 6-8 айга толук жабылат. Эске салсак, ЦУМдун жанына жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093010407_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1e6c5698bef0e5aafdb92350d9304064.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио