https://sputnik.kg/20241227/1091108727.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды... 27.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-27T08:59+0600
2024-12-27T08:59+0600
2024-12-27T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091108595_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ffacc88bf6cb10c92c3959b3f9a00773.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Касымалиев Кыргызстанда кампа рыногу өнүгүүнүн алгачкы баскычында турганын, жогорку класстагы кампалар жетишсиз болуп жатканын белгиледи. "2030-жылга чейин Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтүп, "Бедел" өткөрмө пункту толук кандуу ишке кирсе, анда бул рынок алда канча таасирдүү көлөмгө чейин жетет. Ошондуктан Кыргызстан азыртадан даярданышы керек. Дүйнөдө күнүнө миллиондогон тонна жүк чыгып, ташылат. Импорт-экспорттун динамикасы тынымсыз өсүүдө. Ошондуктан өткөрүү жөндөмдүүлүгү мыкты кампалардын, логистикалык борборлордун же хабдардын курулушу кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү берет", — деди Касымалиев. Бул Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин суперкампалар түзөт.
Өлкөдө азыркы тапта 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев билдирди. Анын айтымында, фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, кооптуу жагдайдагы үй-бүлөлөрдөн алынган жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат. "2014-жылдан бери сертификат алган 1000ден ашык фостердик үй-бүлө бар. Бүгүнкү күндө 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Анткени багып алуучулар сертификат алгандан кийин көп себептерден улам иштебей калышы мүмкүн", — деди Тодогелдиев. Ал фостердик үй-бүлө болууну каалаган ата-энелердин көбү эмгек акысына кызыгышарын кошумчалады.
Бишкекте азербайжан акыны эскерилди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде азербайжан акыны Салман Мумтаздын 140 жылдыгына карата “Түрк дүйнөсүнүн уулу Салман Мумтаз” аттуу китептин бет ачары болду. Китептин автору – Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, доцент Шалала Ана Гумбатли. Иш-чарага аталган Кайрат Осмоналиев, Бишкектеги азербайжан диаспорасынын жетекчиси Хансывар Бахшалиев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова жана студенттер катышты.
Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук Украинага жаңжал башталганга чейин чагымчылык кылып Россияны кайткыс кадамдарга түртүүнүн кереги жоктугу көп ирет айтылганын Telegram каналына жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Эл аралык жана жергиликтүү бир катар эксперттердин Россия согуш ачышы мүмкүн экенин айткан эскертүүсүнө карабай Украина НАТО менен жакындаша берди. "Москвага жетер-жетпесин байкап көрбөйлүбү" таризиндеги окуу-машыгууларды өткөрүп, коргонуу үчүн демиш болуп Россиянын аймагына чейин атыла турган ракеталык комплекстерди жайгаштырды", — деп жазган депутат. Дмитрук Украина эркин, блоктон тышкаркы мамлекет болушу керектигин белгилеген. Ал эми Россия президенти Владимир Путин Европа, Украинадагы жаңжал мамлекеттик төңкөрүштөн башталганын деле бир эстегиси келбей турганын белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Касымалиев Кыргызстанда кампа рыногу өнүгүүнүн алгачкы баскычында турганын, жогорку класстагы кампалар жетишсиз болуп жатканын белгиледи. "2030-жылга чейин Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтүп, "Бедел" өткөрмө пункту толук кандуу ишке кирсе, анда бул рынок алда канча таасирдүү көлөмгө чейин жетет. Ошондуктан Кыргызстан азыртадан даярданышы керек. Дүйнөдө күнүнө миллиондогон тонна жүк чыгып, ташылат. Импорт-экспорттун динамикасы тынымсыз өсүүдө. Ошондуктан өткөрүү жөндөмдүүлүгү мыкты кампалардын, логистикалык борборлордун же хабдардын курулушу кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү берет", — деди Касымалиев. Бул Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин суперкампалар түзөт. Өлкөдө азыркы тапта 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев билдирди. Анын айтымында, фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, кооптуу жагдайдагы үй-бүлөлөрдөн алынган жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат. "2014-жылдан бери сертификат алган 1000ден ашык фостердик үй-бүлө бар. Бүгүнкү күндө 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Анткени багып алуучулар сертификат алгандан кийин көп себептерден улам иштебей калышы мүмкүн", — деди Тодогелдиев. Ал фостердик үй-бүлө болууну каалаган ата-энелердин көбү эмгек акысына кызыгышарын кошумчалады. Бишкекте азербайжан акыны эскерилди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде азербайжан акыны Салман Мумтаздын 140 жылдыгына карата “Түрк дүйнөсүнүн уулу Салман Мумтаз” аттуу китептин бет ачары болду. Китептин автору – Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, доцент Шалала Ана Гумбатли. Иш-чарага аталган Кайрат Осмоналиев, Бишкектеги азербайжан диаспорасынын жетекчиси Хансывар Бахшалиев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова жана студенттер катышты. Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук Украинага жаңжал башталганга чейин чагымчылык кылып Россияны кайткыс кадамдарга түртүүнүн кереги жоктугу көп ирет айтылганын Telegram каналына жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. "Эл аралык жана жергиликтүү бир катар эксперттердин Россия согуш ачышы мүмкүн экенин айткан эскертүүсүнө карабай Украина НАТО менен жакындаша берди. "Москвага жетер-жетпесин байкап көрбөйлүбү" таризиндеги окуу-машыгууларды өткөрүп, коргонуу үчүн демиш болуп Россиянын аймагына чейин атыла турган ракеталык комплекстерди жайгаштырды", — деп жазган депутат. Дмитрук Украина эркин, блоктон тышкаркы мамлекет болушу керектигин белгилеген. Ал эми Россия президенти Владимир Путин Европа, Украинадагы жаңжал мамлекеттик төңкөрүштөн башталганын деле бир эстегиси келбей турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091108595_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d8cad648acedfe77ca38b8162acb2b6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио