https://sputnik.kg/20241229/aksh-ukraina-askerdik-zhardam-1091152220.html
АКШ Украинага аскердик жардамдын көлөмүн кыскартты. Пентагондун маалыматы
АКШ Украинага аскердик жардамдын көлөмүн кыскартты. Пентагондун маалыматы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШ 2024-жылы Киевге 19,5 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз, быйыл негизги колдоо... 29.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-29T18:25+0600
2024-12-29T18:25+0600
2024-12-30T16:27+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
согуш
аскердик жардам
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079675138_0:64:3072:1792_1920x0_80_0_0_741f24389f03c9f921d72c91c7de85d4.jpg
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШ 2024-жылы Киевге 19,5 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз, быйыл негизги колдоо Украинанын абадан коргонуусун күчөтүүгө көрсөтүлдү. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун маалыматтарына таянып жазды. Бийлик алмашканга чейин жетишип калуу аракетиАКШнын 2024-жылдагы биринчи жардам пакети кечеңдеп, каржы бөлүү маселеси мартта гана бекитилди. Андан кийин Жо Байдендин администрациясы Дональд Трамптын инаугурациясына чейин аскердик жардамдын негизги бөлүгүн берүүгө жетишип калуу үчүн аракетин тездеткен.Апрелде Конгресс курал-жаракка кошумча 60 миллиард доллар бөлүүнү бекиткен, ошол эле маалда Presidential Drawdown Authority (PDA) механизми аркылуу миллиард доллар бөлүү каралган.Жыйынтыгында Украина АКШдан 2024-жылы — 19,5 миллиард долларлык жардам, 2023-жылы — 24,7 миллиард доллар, 2022-жылы 19,875 миллиард доллар алды.Абадан коргонууга жасалган басымБөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү Украинанын абадан коргонуу жаатына жумшалган. Пентагондун маалыматы боюнча, Киевге үч даана Patriot батареясы берилген, NASAMS жана Patriot ракеталарынын дагы саны көбөйгөн.Мындан тышкары, АКШ биринчи жолу Украинага алыска атуучу ATACMS ракеталарын берди. Россиянын айтымында, алар Курск жана Брянск облустарын аткылоодо колдонулган. Адистердин билдиргенине караганда, бул жабдыктар Вашингтондун узакка созулган жаңжалда Украинанын позициясын бекемдөөгө жана Россиянын чабуулдарына каршы туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
https://sputnik.kg/20241213/aksh-ukrainaga-500-mln-dollarlyk-askerdik-zhardam-bererin-aytty-1090792970.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079675138_161:0:2892:2048_1920x0_80_0_0_06d4081d0f1eca7ecbe5942ead69b0ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, согуш, аскердик жардам
дүйнөдө, россия, акш, украина, согуш, аскердик жардам
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШ 2024-жылы Киевге 19,5 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз, быйыл негизги колдоо Украинанын абадан коргонуусун күчөтүүгө көрсөтүлдү. Бул тууралуу
РИА Новости Пентагондун маалыматтарына таянып жазды.
Бийлик алмашканга чейин жетишип калуу аракети
АКШнын 2024-жылдагы биринчи жардам пакети кечеңдеп, каржы бөлүү маселеси мартта гана бекитилди. Андан кийин Жо Байдендин администрациясы Дональд Трамптын инаугурациясына чейин аскердик жардамдын негизги бөлүгүн берүүгө жетишип калуу үчүн аракетин тездеткен.
Апрелде Конгресс курал-жаракка кошумча 60 миллиард доллар бөлүүнү бекиткен, ошол эле маалда Presidential Drawdown Authority (PDA) механизми аркылуу миллиард доллар бөлүү каралган.
Жыйынтыгында Украина АКШдан 2024-жылы — 19,5 миллиард долларлык жардам, 2023-жылы — 24,7 миллиард доллар, 2022-жылы 19,875 миллиард доллар алды.
Абадан коргонууга жасалган басым
Бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү Украинанын абадан коргонуу жаатына жумшалган. Пентагондун маалыматы боюнча, Киевге үч даана Patriot батареясы берилген, NASAMS жана Patriot ракеталарынын дагы саны көбөйгөн.
Мындан тышкары, АКШ биринчи жолу Украинага алыска атуучу ATACMS ракеталарын берди. Россиянын айтымында, алар Курск жана Брянск облустарын аткылоодо колдонулган. Адистердин билдиргенине караганда, бул жабдыктар Вашингтондун узакка созулган жаңжалда Украинанын позициясын бекемдөөгө жана Россиянын чабуулдарына каршы туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
13 Бештин айы 2024, 10:41