https://sputnik.kg/20241213/aksh-ukrainaga-500-mln-dollarlyk-askerdik-zhardam-bererin-aytty-1090792970.html
АКШ Украинага 500 млн. долларлык аскердик жардам берерин айтты
АКШ Украинага 500 млн. долларлык аскердик жардам берерин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T10:41+0600
2024-12-13T10:41+0600
2024-12-13T10:41+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
аскердик жардам
курал-жарак
атайын операция
энтони блинкен
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090793168_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4054d6abbe88d08be79873f56ac59b99.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин сайтына жарыяланды.Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген.Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.
https://sputnik.kg/20241206/sallivan-kiyevge-arbyn-snaryad-soottolgon-tekhnika-ubada-kyldy-1090645978.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090793168_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_c8b1f7d1811ff52096b5c24d8b71a714.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, аскердик жардам, курал-жарак, атайын операция, энтони блинкен
дүйнөдө, акш, украина, аскердик жардам, курал-жарак, атайын операция, энтони блинкен
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин
сайтына жарыяланды.
Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген.
"Буга пилотсуз учкан аппараттар, HIMARS жана артиллерия үчүн чыгарылган 155,105 миллиметрлик ок-дары кирген. Андан сырткары, катуу ылдамдыкта иштеген радиолокацияга каршы ракеталар, дрондор, минага каршы жана ылдам жүргөн тактикалык жеңил транспорттор, биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулар, Javelin системалары бар", — деп айтылган билдирүүдө.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.