https://sputnik.kg/20250104/1091239606.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулардын агымы абдан көп болууда. Мекемеден билдиришкендей, 2025-жылдын 2-январында Республикалык... 04.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-04T08:59+0600
2025-01-04T08:59+0600
2025-01-04T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/04/1091239474_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_87e659818807004e537ca1f41b7efa78.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулардын агымы абдан көп болууда. Мекемеден билдиришкендей, 2025-жылдын 2-январында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө 281 адам кайрылган, алардын 93ү ооруканага жаткырылса, анын 87си балдар. Ал эми, 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Кыштын келиши менен курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүп, кызамык жана көк жөтөл менен ооругандар да сакталууда. Буга байланыштуу жарандарды үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталган жери боюнча кайрылып, дарыгерлерден консультация алуу сунушталат. Ооруканага жаткыруу талап кылынса, үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканага жөнөтүүнү уюштурат. Бул ооруканаларды ашыкча жүктөөдөн качууга жана медициналык жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берери айтылды.
2024-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан эки өлкөдөн — Россия жана Өзбекстандан жаратылыш газын импорттогон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, анын 97 пайыздан ашыгы Россиядан келген. Жалпысынан өлкө 63,2 миллион долларга 421,4 миллион куб газ импорттогон. Анын 410 миллион 3,7 миң куб газды Россия, ал эми Өзбекстандан — 11 миллион 434,4 миң куб газ алып келинген. 2023-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан жогорудагы эки өлкөдөн дээрлик 307 миллион куб газ импорттогон: 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу Россиядан жаратылыш газынын импортунун көлөмү жана үлүшү көбөйгөн.
Борбордо 10-январга чейин “Парковка” аталышындагы рейд жүрөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган профилактикалык иш-чараны Патрулдук милиция өткөрүүдө. Максаты — жолдордо тартип орнотуу, айдоочулук маданиятты жогорулатуу, жол кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу. Патрулдук милиция туура эмес токтотулган унаалар жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп, аларга көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулардын агымы абдан көп болууда. Мекемеден билдиришкендей, 2025-жылдын 2-январында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө 281 адам кайрылган, алардын 93ү ооруканага жаткырылса, анын 87си балдар. Ал эми, 188 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Кыштын келиши менен курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүп, кызамык жана көк жөтөл менен ооругандар да сакталууда. Буга байланыштуу жарандарды үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталган жери боюнча кайрылып, дарыгерлерден консультация алуу сунушталат. Ооруканага жаткыруу талап кылынса, үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканага жөнөтүүнү уюштурат. Бул ооруканаларды ашыкча жүктөөдөн качууга жана медициналык жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берери айтылды. 2024-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан эки өлкөдөн — Россия жана Өзбекстандан жаратылыш газын импорттогон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, анын 97 пайыздан ашыгы Россиядан келген. Жалпысынан өлкө 63,2 миллион долларга 421,4 миллион куб газ импорттогон. Анын 410 миллион 3,7 миң куб газды Россия, ал эми Өзбекстандан — 11 миллион 434,4 миң куб газ алып келинген. 2023-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан жогорудагы эки өлкөдөн дээрлик 307 миллион куб газ импорттогон: 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу Россиядан жаратылыш газынын импортунун көлөмү жана үлүшү көбөйгөн.Борбордо 10-январга чейин “Парковка” аталышындагы рейд жүрөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган профилактикалык иш-чараны Патрулдук милиция өткөрүүдө. Максаты — жолдордо тартип орнотуу, айдоочулук маданиятты жогорулатуу, жол кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу. Патрулдук милиция туура эмес токтотулган унаалар жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп, аларга көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/04/1091239474_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0816a29cae128943b1242f1857999763.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио