https://sputnik.kg/20250106/1091265469.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот. Кеп... 06.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-06T08:59+0600
2025-01-06T08:59+0600
2025-01-06T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/06/1091265337_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2874d76d4f70e4694ecdfa4a99016803.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот. Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат. 2024-жылдын январь айынан октябрына чейин өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар которулган. Анын ичинен 2 миллиард 351,1 миллион доллары Россиядан салынса, 4,3 миллион доллары Казакстандан келген. Армения жана Беларусь боюнча маалыматтар берилген эмес. Бирок аларсыз деле акча которуунун аз дегенде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат. Адатта сырттан которулган каражатты "мигранттар салган акча" деп коюшат. Бирок башка да транзакциялар эске алынат. Каражат ар кандай валютада алынып, алардын долларлык эквиваленти көрсөтүлөт.
Россиялык онлайн тооруктардын бирине номиналы 5 миң сом болгон купюра коюлду. Анын баштапкы наркы 500 миң рубль (КРдин Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 393,6 миң сом), тактап айтканда, наркы өз баасынан 79 эсеге көп. Ал банк кызматкерлерин, калкты жана уюмдарды банкнотанын жаңы чыгарылышы менен тааныштырууга арналган, купюранын төлөм жүргүзүүгө болбой турган көчүрмөсү болуп саналат. Анда "үлгү" деген жазуу бар. Номери — АА0000000.
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча эл аралык "Наристе" турнири өтүүдө. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 3-январда башталып, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спорт сүйүүчүлөр, жалпы 70тен ашык команда катышууда. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Эске салсак, мелдештин финалдык оюндары 10-январда болот.
Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты. Талаптары: Сынакка Кыргызстандын жараны болгон киносценарийчилер жана драматургдар катыша алат; Автор бир эле чыгарманы сунуштай алат; Сценарийге Түлөбердиевдин өмүр, таржымалы жана эрдиги камтылышы керек; Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөгөн сценарийлер сынактан четтетилет; Сценарийлерди 10-февралга чейин "Кыргыз фильм" киностудиясына жөнөтүү керек.
Россия ЮНЕСКО жана башка уюмдардан россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылууда ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, 4-январда Донецк — Горловка трассасында дрондун атайын жасалган чабуулунан "Известия" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Александр Мартемьянов каза болгон. Андан тышкары, Россиянын ЖМКларынын кеминде төрт өкүлү ар кандай жаракат алышкан. Булардын арасында "РИА Новости" басылмасынын кызметкерлери Михаил Кевхиев менен Максим Романенко бар. Захарова россиялык журналисттерге карата жасалган кылмышка катышы барлардын бардыгы аныкталып, тиешелүү жазасын аларын кошумчалаган.
Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот. Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат. 2024-жылдын январь айынан октябрына чейин өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар которулган. Анын ичинен 2 миллиард 351,1 миллион доллары Россиядан салынса, 4,3 миллион доллары Казакстандан келген. Армения жана Беларусь боюнча маалыматтар берилген эмес. Бирок аларсыз деле акча которуунун аз дегенде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат. Адатта сырттан которулган каражатты "мигранттар салган акча" деп коюшат. Бирок башка да транзакциялар эске алынат. Каражат ар кандай валютада алынып, алардын долларлык эквиваленти көрсөтүлөт.Россиялык онлайн тооруктардын бирине номиналы 5 миң сом болгон купюра коюлду. Анын баштапкы наркы 500 миң рубль (КРдин Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 393,6 миң сом), тактап айтканда, наркы өз баасынан 79 эсеге көп. Ал банк кызматкерлерин, калкты жана уюмдарды банкнотанын жаңы чыгарылышы менен тааныштырууга арналган, купюранын төлөм жүргүзүүгө болбой турган көчүрмөсү болуп саналат. Анда "үлгү" деген жазуу бар. Номери — АА0000000.Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча эл аралык "Наристе" турнири өтүүдө. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 3-январда башталып, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спорт сүйүүчүлөр, жалпы 70тен ашык команда катышууда. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Эске салсак, мелдештин финалдык оюндары 10-январда болот.Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты. Талаптары: Сынакка Кыргызстандын жараны болгон киносценарийчилер жана драматургдар катыша алат; Автор бир эле чыгарманы сунуштай алат; Сценарийге Түлөбердиевдин өмүр, таржымалы жана эрдиги камтылышы керек; Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөгөн сценарийлер сынактан четтетилет; Сценарийлерди 10-февралга чейин "Кыргыз фильм" киностудиясына жөнөтүү керек.Россия ЮНЕСКО жана башка уюмдардан россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылууда ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, 4-январда Донецк — Горловка трассасында дрондун атайын жасалган чабуулунан "Известия" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Александр Мартемьянов каза болгон. Андан тышкары, Россиянын ЖМКларынын кеминде төрт өкүлү ар кандай жаракат алышкан. Булардын арасында "РИА Новости" басылмасынын кызметкерлери Михаил Кевхиев менен Максим Романенко бар. Захарова россиялык журналисттерге карата жасалган кылмышка катышы барлардын бардыгы аныкталып, тиешелүү жазасын аларын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/06/1091265337_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_391baad037a9c589f71953d6a195790c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио