https://sputnik.kg/20250105/1091260834.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кышкы каникул мезгилинде Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүдө. ИИМдин... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T14:59+0600
2025-01-05T14:59+0600
2025-01-05T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091260702_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_19a92060015bff7d69d155c2bf840c51.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кышкы каникул мезгилинде Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүдө. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, майрамдык күндөрү салттуу түрдө массалык иш-чаралар, туристтердин агымынын көбөйүшү жана муз тебүү базаларында, сейил бактарда жана башка коомдук жайларда эс алуучулардын көбөйүшү менен коштолот. Милициянын негизги иш аракеттери укук бузуулардын алдын алууга жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипти сактоого, жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө багытталган. Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого, сергек болууга жана шектүү жагдайлар тууралуу кыска 102 телефону аркылуу дароо билдирүүгө чакырат.
Мэриядан билдиришкендей, учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери Жаш Гвардия бульвары менен Л. Толстой көчөсүндөгү чуңкурларды оңдоп жатышат. Бишкек шаарында аба ырайынын сууктугуна карабастан, жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда. “Урматтуу жарандар жана айдоочулар! Жаш Гвардия бульвары менен Л. Толстой көчөлөрү аркылуу унаа менен жүрүүдөн кармана турууңуздарды өтүнөбүз”,-деп айтылат маалыматта.
Кемин районунда 161 гектар жерге күн панелдери орнотулат. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев билдирди. Анын айтымында, панелдер 100 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Аларды «Этернал Энергия» компаниясы орнотот. Юстиция министрлигинин сайтында бул компания чет элдик катышуусу бар жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) экени көрсөтүлгөн. Компания 2024-жылдын 12-августунда кайра каттоодон өткөн. Директору Ма Вэньцзюнь деп көрсөтүлгөн.
Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды. Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Камчыбек Ташиев канча каражат болсо, таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган. Чолпонбай Түлөбердиев 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.
Киев Москванын бардык талаптарына макул болууга аргасыз болот. Мындай пикирин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 35-деңиздик жөө аскерлер бригадасынын рота командири, капитан Тарас Washington Post гезитине курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. "Чынын айтсам, учурда абал баштагыдан жаман. Азыр биз эмне тууралуу сүйлөшө алмак элек? Эми башты ийкеп эле алардын (Россиянын – ред.) талаптарына макул болобуз", — деген ал. Офицердин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү жеке бөлүктөрдө кейиштүү көрүнүш жаралган. Анда жоготуулардын ордун толтурууга мобилизациялангандар таптакыр жетишсиз. Ошондой
Кышкы каникул мезгилинде Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүдө. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, майрамдык күндөрү салттуу түрдө массалык иш-чаралар, туристтердин агымынын көбөйүшү жана муз тебүү базаларында, сейил бактарда жана башка коомдук жайларда эс алуучулардын көбөйүшү менен коштолот. Милициянын негизги иш аракеттери укук бузуулардын алдын алууга жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипти сактоого, жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө багытталган. Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого, сергек болууга жана шектүү жагдайлар тууралуу кыска 102 телефону аркылуу дароо билдирүүгө чакырат.Мэриядан билдиришкендей, учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери Жаш Гвардия бульвары менен Л. Толстой көчөсүндөгү чуңкурларды оңдоп жатышат. Бишкек шаарында аба ырайынын сууктугуна карабастан, жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда. “Урматтуу жарандар жана айдоочулар! Жаш Гвардия бульвары менен Л. Толстой көчөлөрү аркылуу унаа менен жүрүүдөн кармана турууңуздарды өтүнөбүз”,-деп айтылат маалыматта.Кемин районунда 161 гектар жерге күн панелдери орнотулат. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев билдирди. Анын айтымында, панелдер 100 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Аларды «Этернал Энергия» компаниясы орнотот. Юстиция министрлигинин сайтында бул компания чет элдик катышуусу бар жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) экени көрсөтүлгөн. Компания 2024-жылдын 12-августунда кайра каттоодон өткөн. Директору Ма Вэньцзюнь деп көрсөтүлгөн.Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды. Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Камчыбек Ташиев канча каражат болсо, таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган. Чолпонбай Түлөбердиев 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.Киев Москванын бардык талаптарына макул болууга аргасыз болот. Мындай пикирин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 35-деңиздик жөө аскерлер бригадасынын рота командири, капитан Тарас Washington Post гезитине курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. "Чынын айтсам, учурда абал баштагыдан жаман. Азыр биз эмне тууралуу сүйлөшө алмак элек? Эми башты ийкеп эле алардын (Россиянын – ред.) талаптарына макул болобуз", — деген ал. Офицердин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү жеке бөлүктөрдө кейиштүү көрүнүш жаралган. Анда жоготуулардын ордун толтурууга мобилизациялангандар таптакыр жетишсиз. Ошондой
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091260702_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_188717bb968b3efde2942ee75fc89968.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио