https://sputnik.kg/20250107/onor-zhay-ondurushundo-inzhenerler-deerlik-zhokko-ese-1091282190.html
Кыргыз өнөр жай өндүрүшүндө инженерлер жокко эсе болуп турат
Кыргыз өнөр жай өндүрүшүндө инженерлер жокко эсе болуп турат
Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев кыргыз өндүрүшүндөгү инженерлердин көбү 60 жаштан өтүп, жаңы технологияларды... 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T19:07+0600
2025-01-07T19:07+0600
2025-01-07T19:07+0600
радио
кыргызиндустрия
инженер
кадр
өндүрүш
шамил борончиев
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091280076_0:137:3067:1862_1920x0_80_0_0_63c9dfba34a9a91722c3a8c7237ea752.jpg
Кыргыз өнөр жай өндүрүшүндө инженерлер жокко эсе болуп турат
Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев кыргыз өндүрүшүндөгү инженерлердин көбү 60 жаштан өтүп, жаңы технологияларды колдонууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты.
Жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоодо Россиянын "Ростех" мамлекеттик корпорациясы колдоп, Урал федералдык университети менен келишим түзүп, жылына 26 абитуриенттин акысыз окушуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, жакында Николай Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети жана машина куруу багыты боюнча Станкин мамлекеттик техникалык жогорку окуу жайы менен техникалык кадрларды даярдоо боюнча келишимдер даярдалып жатат.Ошондой эле ал "Кыргыз индустрия" ишканасы быйыл кайра иштетүүгө көңүл буруп, экспорттук потенциалды жакшыртууга басым жасай турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091280076_243:0:2972:2047_1920x0_80_0_0_517c0cc02f286a293185da512eaa9010.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызиндустрия, инженер, кадр, өндүрүш, шамил борончиев, аудио
кыргызиндустрия, инженер, кадр, өндүрүш, шамил борончиев, аудио
Кыргыз өнөр жай өндүрүшүндө инженерлер жокко эсе болуп турат
"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев кыргыз өндүрүшүндөгү инженерлердин көбү 60 жаштан өтүп, жаңы технологияларды колдонууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты.
Жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоодо Россиянын "Ростех" мамлекеттик корпорациясы колдоп, Урал федералдык университети менен келишим түзүп, жылына 26 абитуриенттин акысыз окушуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Шамил Борончиев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында Николай Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети жана машина куруу багыты боюнча Станкин мамлекеттик техникалык жогорку окуу жайы менен техникалык кадрларды даярдоо боюнча келишимдер даярдалып жатат.
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 100 өнөр жай ишканасы ачылып, өндүрүштүк кубаттуулук жогорулай баштады. Бирок бул иште кадр маселеси эң орчундуу маселе бойдон калууда. Кыргыз өндүрүшүндөгү инженерлердин көбү 60 жаштан өтүп, жаңы технологияларды колдонууда кыйынчылыктар жаралып жатат. Демек, буга өзгөчө көңүл бурабыз. Алсак, жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоодо Россиянын "Ростех" мамлекеттик корпорациясы колдоп, Урал федералдык университети менен келишим түзүп, жылына 26 абитуриентке акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, Николай Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети жана машина куруу багыты боюнча Станкин мамлекеттик техникалык жогорку окуу жайы менен техникалык кадрларды даярдоо боюнча келишимдер даярдалып жатат. 5-10 жылдын ичинде алар кайтып келгенде өндүрүш бардык жагынан даяр болушу керек", — деди Борончиев.
Ошондой эле ал "Кыргыз индустрия" ишканасы быйыл кайра иштетүүгө көңүл буруп, экспорттук потенциалды жакшыртууга басым жасай турганын кошумчалады.