00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
09:52
2 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2024-жыл боюнча соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстан бензинди ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, көбүн Россиядан сатып алган. Бул мезгил аралыгында республика 552 миллион тонна бензин импорттогон. Саткан өлкөлөр: Россия — 547 миллион литр; Казакстан — 3,6 миллион литр; Беларусь — 1,3 миллион литр. 2023-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө алардан 484,6 миллион литр бензин алган эле.
*Кыргызстан өткөн жылдын январь айынан октябрдын аягына чейин 463,3 миң тонна көмүр импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Көмүр экспорттогон өлкөлөр: Казакстан — 462 585 тонна; Россия — 697,1 тонна; Өзбекстан — 50 тонна. Мындан тышкары, Кытай менен Түркиядан да аз көлөмдө көмүр ташылган. Комитеттин маалыматы боюнча, аталган күйүүчү каражатты импорттоо эки эсеге азайган. 2023-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында өлкөгө 944 миң тонна таш көмүр жана күрөң көмүр алып келинген. Күрөң көмүрдүн импорту 15 тоннага жеткен эмес.
Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду. Бул тууралуу Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Аталган мамлекет калкынын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда (277 миллиондон ашык адам), ал эми экономиканын көлөмү боюнча 8-орунда турат. Буга чейин Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКСтин Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы чыңдоодогу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүдөгү ролун белгилеген. Белгилей кетсек, быйыл БРИКСке Бразилия төрагалык кылат. БРИКС 2006-жылы Бразилия, Россия, Индия, Кытай тарабынан түзүлгөн, ал эми беш жылдан кийин уюмга Түштүк Африка кошулган. Өткөн жылы БРИКСке мүчө болуп Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштады. Муну ал премьер-министр Жастин Трюдо отставкага кетүү ниетин билдиргенден кийин айтканын РИА Новости жазды. "Канаданын жашоочуларынын көбү өлкөнүн 51-штаты болуусун колдошот. Америка Кошмо Штаттары мындан ары Канаданы кармап турган ири соода тартыштыгына жана субсидияларга чыдай албайт. Жастин Трюдо муну түшүнүп, отставкага кеткени жатат", — деген Трамп. Жаңы шайланган президент эки өлкөнүн биригүүсү соода тарифтерин жок кылып, салыктарды азайтып, Оттаваны дайыма курчап турган россиялык жана кытайлык кемелердин коркунучтарынан коргоого толук кепилдик бермектигин кошумчалаган. Дүйшөмбү күнү Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирген. Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону ишинен баш тартууга чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР:
Жаңылыктар түрмөгү
0