00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
09:52
2 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:53
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Токмокто үч жашар кызы менен турган аялды тебелеп кеткен айдоочу кармалдыКыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал. Маморгандарга тапшырмалар берилдиКыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн квота дээрлик үч эсеге көбөйтүлдү. Алдыда кененирээкПрезиденттин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өттү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. 2025-жылдын биринчи аптасында КРВИ менен ооруган 4245 адам, сасык тумоого кабылган 16 адам катталган. "Байсалов каникул соңуна чыгып, окуу процесси башталып мектеп менен бала бакчалар толук кандуу иштей баштаган маалда респиратордук оорулардын курчушуна жол берилбеши керектигин белгиледи", — деп айтылат минкабдын маалыматында. Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды. Ага ылайык, республика боюнча 1 100 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 300ү Бишкекке, 100ү Ошко туура келет. Белгилей кетсек, былтыр 400 адамга гана квота берилген. Анын ичинен борбор калаадан 100, ал эми Оштон 30 бөлүнгөн.
Токмокто үч жашар кызы менен турган аялды тебелеп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 8-январда, Volkswagen Polo унаасынын 60 жаштагы айдоочусу транспортту башкара албай калып, өтмөктө турган эне-баланы коюп кеткен.Тилекке каршы, бөбөк чарчап калган. Милиция унаанын арткы дөңгөлөктөрү жайкы экенин айтты. Айдоочуга карата "Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.
Быйылкы жыл ЕАЭБ үчүн маанилүү болот. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко билдирди. Ал быйыл ЕАЭБге төрагалык кылгандыгына байланыштуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуу жолдогон. Лукашенко өткөн он жылда уюм макроэкономикалык туруктуулугун бекемдеп, геосаясий терс факторлордун таасирин азайтып, өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин белгиледи. "2025-жыл ЕАЭБ үчүн маанилүү жыл болот: Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун беш жылдыгы жыйынтыкталып, жаңы этаптын пайдубалы түптөлөт. Ошондой эле 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейин Евразиялык экономикалык жолду ишке ашыруу боюнча декларациянын алкагында экономикалык процесстерди өнүктүрүүнүн жаңы багыттары белгиленет", — деп айтылат кайрылууда.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путинге Украинадагы чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча шарттардын баарына эле макул боло бербейт. Бул туурасында Трамптын администрациясынын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог айтканын РИА Новости жазды. "Ал Путинге же россиялыктарга бир нерсе берейин деп жатпаганын түшүнүү керек. Чындыгында, президент Украинаны жана анын эгемендигин сактап калууну каалайт", — деген Келлог Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып. Атайын өкүлдүн айтымында, Трамп чатактын "адилеттүү жана таза" шарттарда жөнгө салынышын көздөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0