https://sputnik.kg/20250226/1092307165.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден эскертишти. Маалыматка ылайык, болуп жаткан жана күтүлгөн жаан-чачындан улам... 26.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-26T13:00+0600
2025-02-26T13:00+0600
2025-02-26T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092307033_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1feb11395a5052f19d804c6b237f9055.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден эскертишти. Маалыматка ылайык, болуп жаткан жана күтүлгөн жаан-чачындан улам ашууларда көчкү жана кар күрткү түшүшү ыктымал. Министрлик айдоочуларга алыска сапарга чыгууда сак болууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.
Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын аналитикалык маалыматында айтылган. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги капиталга салынган инвестициясы 52,1 пайызга көбөйүп, экинчи келе жаткан Армениядан дээрлик үч эсе жогору болгон. Айыл чарба тармагында өлкө 6,3 пайыз өсүш менен Казакстандан кийин жайгашкан. Беларуста 3,4 пайыз, Арменияда 1,9 пайыз өсүш болсо, ал эми Россия -3,2 пайыз артка кеткен. Курулуш тармагында Кыргызстан 13,1 пайыз өсүш менен Казакстан жана Арменияны артта калтырды.
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорун узатып, канаттандыраарлык жооп ала алышкан жок. Жыйынтыгында депутаттар нааразы болсо да Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти.
Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн аптада милицияга аял арыз жазып, кызы 18-февралга караган түнү үйдөн чыккан боюнча дайын-дареги жок болуп жатканын айткан."Кыз таанышы менен жолугуп, ортодо жаңжал чыкан. Жигит кызды сабап, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн болсо талаага алып барып, көөмп салган", — деп айтылат маалыматта.Кылмышка шектелип 21 жаштагы жигит кармалганы кошумчаланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага тынчтык орнотуучу макамындагы аскерлерди киргизүү боюнча айтып, бирок алардын жайгашышы бардык тараптарды нааразы кылбагандай болушу керектигин кошумчалады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Тынчтык орнотуучулардын кирген шарты бизге башкалардын нааразылыгын жаратпагандай формада болушу керек", — деген Трамп. Буга чейин Telegraph басылмасы Британия өкмөтүндөгү маалымат булагына таянып, Улуу Британия менен Франциянын башчылары Украинага чатак бүткөндөн кийин "тынчтык орнотуучуларды" жөнөтүүнү жашыруун талкуулап жатышканын жазган.Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуш аяктагандан кийин европалык аскерлердин тынчтык орнотуучулар катары аталган өлкөгө киришине каршы эместигин айткан эле
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден эскертишти. Маалыматка ылайык, болуп жаткан жана күтүлгөн жаан-чачындан улам ашууларда көчкү жана кар күрткү түшүшү ыктымал. Министрлик айдоочуларга алыска сапарга чыгууда сак болууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын аналитикалык маалыматында айтылган. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги капиталга салынган инвестициясы 52,1 пайызга көбөйүп, экинчи келе жаткан Армениядан дээрлик үч эсе жогору болгон. Айыл чарба тармагында өлкө 6,3 пайыз өсүш менен Казакстандан кийин жайгашкан. Беларуста 3,4 пайыз, Арменияда 1,9 пайыз өсүш болсо, ал эми Россия -3,2 пайыз артка кеткен. Курулуш тармагында Кыргызстан 13,1 пайыз өсүш менен Казакстан жана Арменияны артта калтырды.Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорун узатып, канаттандыраарлык жооп ала алышкан жок. Жыйынтыгында депутаттар нааразы болсо да Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти. Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн аптада милицияга аял арыз жазып, кызы 18-февралга караган түнү үйдөн чыккан боюнча дайын-дареги жок болуп жатканын айткан."Кыз таанышы менен жолугуп, ортодо жаңжал чыкан. Жигит кызды сабап, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн болсо талаага алып барып, көөмп салган", — деп айтылат маалыматта.Кылмышка шектелип 21 жаштагы жигит кармалганы кошумчаланды.АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага тынчтык орнотуучу макамындагы аскерлерди киргизүү боюнча айтып, бирок алардын жайгашышы бардык тараптарды нааразы кылбагандай болушу керектигин кошумчалады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Тынчтык орнотуучулардын кирген шарты бизге башкалардын нааразылыгын жаратпагандай формада болушу керек", — деген Трамп. Буга чейин Telegraph басылмасы Британия өкмөтүндөгү маалымат булагына таянып, Улуу Британия менен Франциянын башчылары Украинага чатак бүткөндөн кийин "тынчтык орнотуучуларды" жөнөтүүнү жашыруун талкуулап жатышканын жазган.Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуш аяктагандан кийин европалык аскерлердин тынчтык орнотуучулар катары аталган өлкөгө киришине каршы эместигин айткан эле
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092307033_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_47f45f0420af484f7965f214ceb2c4cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио