Бир аптадан бери дайынсыз болгон 22 жаштагы кыздын сөөгү талаадан табылды
10:49 26.02.2025 (Жаңыртылды: 10:53 26.02.2025)
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиДайынсыз болгон кыз бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жазылуу
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада милицияга аял арыз жазып, кызы 18-февралга караган түнү үйдөн чыккан боюнча дайын-дареги жок болуп жатканын айткан.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЗадержание подозреваемого в убийстве без вести пропавшей девушки в Чуйской области

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
"Кыз таанышы менен жолугуп, ортодо жаңжал чыкан. Жигит кызды сабап, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн болсо талаага алып барып, көөмп салган", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЗадержание подозреваемого в убийстве без вести пропавшей девушки в Чуйской области

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Кылмышка шектелип 21 жаштагы жигит кармалганы кошумчаланды.