https://sputnik.kg/20250224/iim-kylmysh-bashalamandyk-1092255918.html
Экс-депутат жана дагы 10 киши башаламандык уюштурууга шектелип кармалды. Видео
Экс-депутат жана дагы 10 киши башаламандык уюштурууга шектелип кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T17:03+0600
2025-02-24T17:03+0600
2025-02-24T17:05+0600
кыргызстан
иим
кылмыш
башаламандык
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092256070_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_3f3722d0a37048177fccee5e5e26ebf9.jpg
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бар.Факт боюнча кылмыш иши козголуп, аталган бирикменин айрым мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынган. Анын жүрүшүндө граната, курал-жарак, ок-дары, аскердик кийимдер, диний адабият, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар жана башка буюмдар табылган.Шектүү катары кармалган 42, 46, 50, 56, 57, 58, 62, 64, 69 жаштагы кишилер жана 60тагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
https://sputnik.kg/20250222/para-menen-transport-departamentinin-bashky-adisi-karmaldy-1092228233.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092256070_40:0:2771:2048_1920x0_80_0_0_c072eb0abff43f9cfa5620cb3ec479ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, кылмыш, башаламандык, видео
кыргызстан, иим, кылмыш, башаламандык, видео
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бар.
"2024-жылдын 20-декабрында "Кырк уруу жети дубан ынтымагы" коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, аталган бирикменин айрым мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынган. Анын жүрүшүндө граната, курал-жарак, ок-дары, аскердик кийимдер, диний адабият, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар жана башка буюмдар табылган.
Шектүү катары кармалган 42, 46, 50, 56, 57, 58, 62, 64, 69 жаштагы кишилер жана 60тагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.